Шоколад тууралуу канчалык билебиз?

Шоколад тууралуу канчалык билебиз?
17-Окт. 2017, Шейшемби, 13:40

Шоколад – бакыт, көтөрүңкү маанай тартуулоочу энергиянын булагы. Канчалаган кылымдан бери руханий антиоксидант (организмди зыяндуу заттардан коргоочу химиялык зат) болуп саналат. Денебиз күнү бою чарчайт жана суу жоготот, айланадагы кир аба ырайы, тамеки түтүнү, ультрафиолет нурлары сыяктуу сырткы факторлордун, ошону менен катар организмдеги табигый реакциялардын натыйжасы да зыянга учурап, «токсин» деп аталган көптөгөн уулуу заттар пайда болот.

Ошондуктан организмдеги токсиндерден арылуу үчүн көп өлчөмдө антиоксидант кабылдообуз кажет. Ал эми мунун жөнөкөй жолу – шоколаддын өзүндө. Курамындагы Е витамини, магний жана темир жүрөк ооруларына чалдыгуу коопчулугун азайтат. Ошондуктан шоколадды күнүнө эң аз дегенде 10 грамм жеген пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!