Унааңыз кышка даярбы?

Унааңыз кышка даярбы?
19-Окт. 2017, Бейшемби, 15:05

Автоунаа – адамзаттын жашоосунда маанилүү нерсеге айланганына көп болду. Темир тулпарларды тизгиндеп жүргөндөр үчүн жаңы мезгил башталууда. Албетте ал унааны кышка даярдоо процесси.

Унааны жаңы алган айдоочулардын көз карашы боюнча кышка болгон даярдык дөңгөлөктү алмаштыруу менен токтошу мүмкүн. Бирок сиз кыштын аяздуу суук учурунда эки буттуңузду бир өтүккө салып албаш үчүн төмөнкү нерселерди биле жүрүңүз.

1. Аккумулятор менен электроника
Эгер сизин унааңыз күн жылууда оң иштебесе, кышында көргүлүктү көрөсүз. Ошондуктан күн жылууда эски жана жаман аккумуляторду алмаштырып алганыңыз жөн. Ал эми жаңы аккумулятор тез өчүп калбаш үчүн унаа электроникасын ирээтке келтирүү керек.

2. Май алмаштыруу жана май фильтири
Унаанын майын алмаштыруунун түйшүгү өтө оор. Ал сиздин машинаңызды иштен чыгарышы мүмкүн. Ошондуктан суук түшкөнчө алмаштырып алыңыз. Ал эми унаага жаңы ээ болгон айдоочулар майды алмаштырышат. Негизи май менен кошо май фильтирин тазалатуу же алмаштыруу кажет.
3. Антифриз
Эгер сиздин унааңыз кышка жүз пайыз даяр болгонун кааласаңыз, антифризиңизди да алмаштырууга туура келет. Бул эң биринчи Европадан келген унаалар үчүн маанилүү. Себеби узак жүргөн антифриз өзүнүн курамын өзгөртүп, унаага зыянын тийгизиш ыктымал.
4.Бинзин менен суу
Негизи күйүүчү май менен сууну алмаштыруу маанилүү. Айдоочулар кыштын алдында май куюучу бакты тазалоону унутпоосу зарыл. Себеби андагы суу менен чаңдын күкүмү унаага чоң кыйынчылык жаратат.
5. Тормоз колоткалары
Бул эң маанилүү текшерилүүсү зарыл болгон бөлүк. Себеби кышында жол муз аралаш, тайгак болоору белгилү. Эгер сизди колоткаңыз белги бере баштаса, аны дароо алмаштырыңыз. Эч белги бербеген күндө да бир текшертип коюңуз. Сактыкта кордук жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!