Бут кийимге суу кирсе...

 Бут кийимге суу кирсе...
24-Окт. 2017, Шейшемби, 13:39

Азыркы аба ырайы түшүнүксүз. Бир туруп жаан жаап, бирде карга айланып, жер бети ным тартып турат. Ушул мезгилде бут кийимге суу кирсе, кээ бирөөлөрүбүз нымдуу бут кийимди мештин үстүнө коюга шашылабыз. Бирок бул ыкма бут кийимди тез кургатканы менен күйгузуп жиберерин билесизби? Андай болсо бут кийим кургатуунун пайдалуу жолун сунуштайбыз.

Нымдашкан бут кийим мешке, батареяга коюп кургатылбайт. Ичине кагаз толтуруп, жылуу жерге койсо болгону, кагаз нымды соруп алат. Кагазды тез-тезден алмаштырып туруу кажет.

Кургаган бут кийимди кастор, өсүмдүк майы, глицерин, вазелин дароо жибитет. Узак убакыт кийилбей калган, кургап, бырышып калган бут кийимди кастор майы менен абдан дыкат сүртүп, май сиңгенче кою керек.

Бут кийим кургап, тар болуп калса анын ичи менен сыртына атырдан сээп, чылап коёт. Бут кийим заматта чоюлат.

Абдан кургап, катып калган спорттук бут кийимди жылуу сууга салып жибитүү оң. Андан кийин ичи-сыртын тазалап, глицерин менен майлап, ичин гезит менен толтуруп кою зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!