Ооздогу жыттан кантип арылуу керек?

Ооздогу жыттан кантип арылуу керек?
25-Окт. 2017, Шаршемби, 10:12

Кадимки эле дубдун кабыгын майдалап, анан сууга 30 мүнөттөй кайнатыңыз. Даяр болгон суу менен тишиңизди, оозуңузду бир күндө үч маал чайкаңыз.

Кызылгаттын (земляника) кургатылган же, 20-30 жаңы жалбырагына кайнатылган суу куюп ,15-20 мүнөт кое туруу керек. Андан соң оозду чайкаган жакшы.

Жалбыздын 20 чакты жалбырагына 500 мл. кайнак суу куюп, андан соң ооз чайкаса болот.

Эрмендин кургатылган жалбырагына кайнак суу куюп, 15-20 мүнөттөн кийин оозуңузду чайкасаңыз же ромашканы ушундай эле жол менен даярдап алсаңыз да болот.

Булардан сырткары марганцовканы суюк кылып даярдап алып, оозду күнүнө үч жолу чайкап туруу да ашыктык кылбайт.

Эгер ооздогу жыт сиз жеген тамак-ашка байланыштуу болсо, чийки сүттү бир-эки уурттап же алма жеп алсаңыз да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!