Сөөлдү кантип кетирүүгө болот?

Сөөлдү кантип кетирүүгө болот?
1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:27

Теринин үстүңкү бетине чыгуучу каттуу жара – сөөл. Андан арылуунун жолдору көп.

1. Сарымсакты майдалап, аны чочко майы менен аралаштырат. Марлиге сүйкөп, сөөл чыккан жерди таңып байлайт. Аны күндө алмаштырып турат.

2. Уксуска пиязды салып эки саат күтө туруңуз. Андан кийин пиязды алып, түнгө карай сөөлдү катуу таңып, ага чыдоо керек. Ушундай бир нече ирээт жасасаңыз, сөөл тамыры менен жок болот.

3. Сөөлгө эч кандай кошулмасы жок борду сээп байлап таштайсыз. Бир нече жолу жасагандан кийин, сөөл кетет. Бирок сууну жолотпоо керек.

4. Күндө сөөл чыккан жерге жаңы бышкан алманын ширесин сүйкөңүз. Сөөл аз-аздан кичирейип, аягында карарат. Кийин көп узабай жоголот.

5. Сөөлгө чийки картошканын ширесин сүйкөңүз. Крахмалдын таасиринен кургап, өзүнөн-өзү жоголот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!