Биз шоколадды канчалык билебиз?

Биз шоколадды канчалык билебиз?
2-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:41

Шоколад – бакыт, көтөрүңкү маанай сылоочу энергия булагы. Канчалаган кылымдан бери руханий антиоксидант (органимзди зыяндуу заттардан коргоочу химиялык зат) болуп саналат. Денебиз күнү бою чарчайт жана суу жоготот, курчаган чөйрөнүн таза эместиги, тамеки түтүнү, ультрафиолет нурлары сыяктуу сырткы факторлордун, ошону менен катар организмдеги табигый реакциялардын натыйжасы да зыянга учурап, «токсин» деп аталган көптөгөн уулу заттар пайда болот.

Ошонудуктан организмдеги токсиндерден арылуу үчүн көп өлчөмдө антиоксидант кабылдообуз кажет. Ал эми анын эң жөнөкөй жолу – шоколаддын өзүндө. Курамындагы Е витамини, магний жана темир жүрөк ооруларына чалдыгуу коопчулугун азайтат. Ошондуктан шоколадды күнүнө эң аз дегенде 10 грамм жеген пайдалуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!