Бир граммы 1400 долларга бааланган чай

Бир граммы 1400 долларга бааланган чай
8-Ноя. 2017, Шаршемби, 13:55

Аба ырайы муздай баштагандан тартып ысык чайды сүйүп иче баштайбыз. Бүгүнкү макалабызда сиздерге кара чай тууралуу сөз кылмакчыбыз. Сиз билген кара чай тууралуу ар тараптан изилдеп ал жөнүндө кызыктуу маалыматтарды топтодук.

Дүйнөдө 1500 ашык түрдүү чай бар.

Биздин заманга чейин 2737-жылы Кытай императору Шен-Нунг сууга түшкөн чай жалбырактарынан улам анын даамын билген.

Жыл сайын дүйнөдө 3 миллиондон ашык тонна чай өндүрүлөт.

Чай дүйнөдө суудан кийинки эле эң көп ичилүүчү суусундук.

Дүйнөдө колдонулган бардык чайлардын ичинен 75 пайызын кара чай түзөт.

Чай жалбырагы терилбей калган учурда ал 16 метр узундуктагы даракка айланат.

Ошентсе да чай-жыйналуучу өсүмдүк болгондуктан анын талын белден өйдө бийиктегенден кийин кесип турушат.

Дүйнөнүн эң кымбат чайынын 1 граммы 1400 доллар турат.

«Ал эмне болгон чай, эмне мынча кымбат?»,-десеңиз, бул белгилүү кытай чайы. Ал “Da Hong Pao” деп аталат.

Нью-Йорктун сатуучусу Томас Салливан чай пакеттерин чакан жибек капчыктарга салып коюу аркылуу чай пакеттерин ойлоп табып, аны мындай кымбат баада сатат.

Маалыматка ылайык, Томас Салливан, ал өз кардарларына жиберген чайды чоң пакеттерге салып жиберүүнү каалаган эмес. Андан улам ал кичинекей пакеттерге салып кардарларга түшүндүрүү максатында чайды суусу бар чыныларга салып жөнөткөн. Кардарлар бул ыкманы түшүнбөстөн пакеттерди түз эле кайнаган сууга салышкан. Бул окуянын артынан азыркы күндө чай пакеттерин көп колдонуп келебиз.

Чай пакеттерин алгач ирээт чыгарылганда, көпчүлүк дүйнөдөгү эң керексиз ойлоп табуулардын бири деп эсептешкен жана тез жоголуп кетет деп ойлошкон.


Бир килограмм чай жалбырагынан чамасы менен 200 чыны чай чыгат.

Кытайда кара чай "кызыл чай" деп да аталат.

Себеби, биз кургак жалбырак кезинде чайды “кара чай” деп атасак, ал эми кытайлыктар чайды кайнагандан кийинки абалына карата аташат.

АКШда пайдаланылган чайдын чамасы менен 85 пайызы муздак чай.

Кытайда конокторго чай сунулганда, меймандар манжаларын 2-3 ирээт столго уруу аркылуу ыраазычылыгын билдиришет.

Гиннес рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң кымбат чай демдөөчү чайнек алтын, алмаз жана сейрек таштар менен шөкөттөлүп 3 млн. доллар турат.


Чайдагы танин кычкылы сөөлдөр үчүн дарылык касиети бар.

Бергамот чайын кара чай менен бир кемеде ташымалдоо катачылык болгон.

Уламышка ылайык, Индиядан Англияга чай ташымалдоодо кемеде чай менен бирге бергамот өсүмдүгү да салынган. Узак сапар учурунда бул кемедеги чай бергамотун жыпар жытын сиңирип алган. Кеме Англияга келгенде баардык чай жыттанып калган билгенден кийин, Улуу Британиянын падышасы Генри Грэй аны ысырап кылбоо үчүн элге бекер тараткан.

Бул чайды калк тарабынан көп пайдаланылгандыктан бүгүнкү күндө Англия менен байланыштырылып «Earl Grey» деп аталып, бергамот чайы көп өндүрүлө башталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!