Акча үнөмдөөнүн жолдору

Акча үнөмдөөнүн жолдору
24-02-2017

Ар бир үй-бүлө-бул чакан мамлекет. Анда кирешелерди жана чыгашаларды туура бөлүштүрүү зарыл. Себеби туура эмес бөлүштүрүүдө үй-бүлөлүк бюджет көп чыгымдарга учурайт. Ар бир эле адам өз бюджетин туура бөлүштүрүп, киреше-чыгашасын эсептей бербейт.

Эмне үчүн кээ бир үй-бүлөлөр көп акча таппаса да, ар жыл сайын эс алууга барып, кымбат баалуу нерселерди сатып ала алат. Ал эми кээ бир жакшы тапкандар карыздан башы чыкпай, акча жок дегенден башканы билишпейт? Мунун сыры үй-бүлөлүк бюджетти туура түзүүдө.


Жыл өткөн сайын жашоо кымбаттап барат мисалы, азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу күнүмдүк нерселердин баасы өсүүдө. Ал эми биз ага кеткен чыгымдарды азайтуу менен алекпиз. Көп учурларда арзан жана аз өлчөмдө алууга тырышып келебиз. Акчаны үнөмдүү пайдалануу үчүн эмне кылуу керек жана анын бир нече жолдорун байкап көрөлү:

- Көпчүлүк канча акча таап жана капчыкта канча акчасы бар экенинен кабары жоктор да кездешет. Мындан кийин кантип үй-бүлөлүк бюжетти туура пайдаланып сактап калууга болот? Эң алгач тапкан акчаңызды эсептен чыгыңыз. Дүкөнгө барганда сарптаган эң жогорку деген сумманы чыгарып койуңуз. Жакшы пландалган иш, ашыкча чыгымга учуроонун алдын алат.

-Керек болгон заттардын тизмегин милдеттүү түрдө жазып алыңыз. Биринчи кезекте ошолорду алууга тырышыңыз. Бул кереги жок, ашыкча заттарды сатып алып, көп каржы жүмшап ашыкча чыгымга учуроодон сактайт.
Мындан тышкары, көпкө сакталуучу азыктарды (картошка, кесме, дан, кант, ж.б.) дүкөндөн албастан аны дүң баасында базардан арзан алууга болот. Ал эми ар дайым сатып алып жаткан (сүт, нан, май) азыктарды майда дукөндөрдөн алсаңыз болот. Себеби чоң базар же ири дукөндөрдөн кызыгып кетип ашыкча нерселерди сатып алышыңыз мүмкүн.

-Дүкөндө көрсөтүлгөн акция жана арзандатууларга көңүл бура жүрүңүз. Биз көбүнчө аларга маани бербей, кымбатын тандап алабыз. Бирок бул арзандатуулар көп убакта акчаны үнөмдөөгө жардам берет.

-Товарлардын баасын биле жүрүңүз. Ар дайым сатып алып жаткан нерселер кайсы жерлерде канча сомдон экенин жана кайсы жерде арзан экенин билиңиз, өзүңүзгө пайдалуу.

-Чыгымдарды азайтуунун кийинки түрү сиздин үйдөгү жумушуңуздү көбөйтүүсү ыктымал. Бирок пайдасы көп. Даяр салат, кесилген жер жемиш, жалпысынан даярдалып, сатылган тамак-аштардын баасы өз баасынан бир топ кымбат турат. Ал эми ушуларды сиз өзүңүз үйдө жасасаңыз, акчаңыз чөнтөгүңүздө калат жана ошол эле убакта даамдуу да болот.

-Ар убак ар бир нерсени алаарда, аны атайы сатуучу жайларга эринбей барып сатып алуу керек. Себеби алар үйдүн жанындагы дүкөндөргө караганда арзан турат. Мисалы жашылча чөп-чарларды жана жер-жемиштерди атайы сатылуучу жерлерден алыңыз. Ал жактарда алардын түрүн тандоого болот жана ар дайым жаңысын ала аласыз.

-Тамак-ашты сатып алуудан мурун муздаткычта, сактоочу жерлерде турган азыктарды эске түйүңүз. Мисалы, шире сатып алдыңыз дейли. Бирок үйүңүздө турган банан же алма, апельсин болсо алардан шире жасоого болоорун унутпаңыз. Тартылган эттин фаршын да дүкөндөн сатып албай өзүңүз жасасаңыз арзан болот. Байкалбаган ушундай майда-чүйдөлөр сиздин акчаңызды бир аз да болсо үнөмдөөгө жардам берет.

- Каржылык иштери боюнча адистер, насыяны керектүү гана учурларда алуу керектигин эскертишет. Эгерде унаа алуу үчүн же бизнести өнүктүрүү үчүн алсаңыз жана аны иштетип кетүүгө көзүңүз жеткен учурда алсаңыз жакшы. Жөнү жок алынган насыялар сизди чыгымга алып келип, үстөккө-босток төлөп берүүгө түртүп, карызга батып кетүү коркунучу келип чыгат.

-Үй-бүлөлүк бюджетти сактап калуу үчүн, тапкан кирешеден айына 10% сактап коюу сунушталат. Бул сумма өтө деле сезилбейт, бирок, чогулган учурда - анын наркы көрүнө баштайт. Ошондой эле күтүлбөгөн жана пландаштырылбаган жагдайларда: эски унутулуп калган карыздарды кутулууда, белек алыш керек болгон учурларда мунун баарын сакталган акча чечет.

Мындан тышкары, майрам жана пландаштырылбаган чыгымдар үчүн абдан пайдалуу болуп саналат. Адатта, сынган телфон жана күтүлбөгөн чакыруу (же күтүлгөн, бирок унутулган) тапкан акчанын бир чоң бөлүгүн бюджеттен кесип коёт.

-Арзан эмес, кымбат жана сапаттуу нерсе алууну көздөңүз.«Биз арзан нерселерди сатып алуу үчүн жетиштүү бай эмеспиз», деген сөз дагы деле актуалдуу болуп саналат. Бирок бул сыяктууларга кийин эки эсе төлөп берип каласыз.

Кымбат бут кийим (жогорку же орточо баада албетте) сапатуурак болуп, жыйынтыгында, ремонттоо ар бир сезондо талап кылынбайт. Буга тиешелүү: кийим, машина, бут кийим, косметика, тамак-аш сыяктуу нерселерде ашыкча чыгымга батуудан сактайт.




Кошумча эскерте кетүү керек болгон

● Үй телефонунан мобилдик телефондорго чалбаңыз. Ал эми сырткы чалуулар үчүн скайп колдонуңуз.
● Жакын жана жөө басып жетүүгө мүмкүн болгон жерлерге унаа жүргүзүүнүн кажети жок. Күйүүчү майды да сарптап, ден соолугуңузга да пайда алып келесиз.
● Ач карын дүкөндөргө барбаңыз. Ачка болгон маалда баардык азыктар керек болуп көрүнө баштайт.
●Кайсы бир кийим чак келбей калдыбы? Аларды шкафтын ичинде чаң бастырып коюп койбоңуз. Жардамга муктаждарга берип же болбосо интернет аркылуу сатып салыңыз.
● Интернет-шопинг деген эмне экенин үйрөнүп алууңуз кажет. Себеби бул кадимки дүкөндөргө караганда арзан болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!