Бөлмөдөгү жагымсыз жыттан арылуу үчүн

Бөлмөдөгү жагымсыз жыттан арылуу үчүн
15-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:26

Ар кандай себептерден улам кээде бөлмөнүн ичин жагымсыз жыт каптап кеткен учурлар болот. Жытка сезимтал адамдар мындан өздөрүн кадимкидей жаман сезиши мүмкүн. Анын баарын жайына келтирүү - өзүңүздүн колуңузда.

Ашканадагы жагымсыз жыттан арылуу үчүн бир нече тамчы уксус кошулган сууну капкагы ачык мискейге кайнатуу керек. Бир нече мүнөттөн кийин жагымсыз жыттан дайын калбайт.

Муздак электр лампасына бир нече тамчы атырды тамчылатып, андан соң лампаны күйгүзүү керек. Ушундай жол менен да бөлмөдөгү жагымсыз жытты жок кылууга болот.

Текче жагымсыз жыттанып кеткенде ага бир чымчым кургак кофе коюп коюу керек.

Эгер муздаткыч жагымсыз жытка ээ болсо, кара нанды кесимдерге бөлүп, ар бир текчесине коюп коюңуз. Бир суткадан соң жыт жок болот. Нандын ордуна лимонду да колдонсоңуз болот.

Идиш балык же сарымсак жыттанып калса, аны уксус кошулган жылуу суу менен жуу керек (2 литр сууга 2 чоң кашык уксус). Балыктын жытын көп туз кошулган ысык суу да кетирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!