Кургак эриндер үчүн

Кургак эриндер үчүн
25-02-2017

Айымдардын жүзүндөгү кургак жана кесилген эриндер эң жагымсыз көрүнөт. Эгерде эриндерге тиешелүү кам көрүлсө мындай көрүнүш болбойт. Эриндердин териси өтө жука жана назик болгондуктан суук жана булганган аба терс таасирин тийгизбей койбойт.

Үйүңүздөгү табигый азыктардын жардамы менен эринге кам көрүүгө болот. Бул ыкманын жардамы менен эриндериңиз жумшак жана ар дайым жагымдуу көрүнмөкчү.

Кургап, кесилип кеткен эриндерге маскалар

Бир стакан кайнак сууга бир аш кашык ромашка салып, үстүн жылуу сүлгү менен жаап 25 мүнөт коюп коёсуз. Андан кийин аны чыпкалаңыз. Дакиде калган ромашка менен календуланын негизинде жасалган майды аралаштырып, аны эриндерге калың кылып сүйкөсө болот. Ромашка эриндерди жумшартат, эс алдырат жана жандандырат.

Бал-шекер скрабы

Бир чай кашык балга бир чай кашык шекерди кошуп аралаштырып аласыз. Аны мешке 5 секундга коюп коёсуз. Таза тиш щеткасына даяр маскадан сүйкөп алып, оозго массаж түрүндө бир калыпта сүйкөп чыгыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай пилинг ооздун эриндерин назик кылып, өзүнүн жумшартуучу касиети менен аны кургатпай, кесилтпей сактап турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!