Мандарин астманы эмдөөдө колдонулат

Мандарин астманы эмдөөдө колдонулат
16-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:18

Октябрь жана декабрь айлары – мандариндин бышып жетилген убагы. Сууктан коргоп, табитти ачып, тамак-ашты сиңирүүгө жардам берген бул жемиш С витаминине бай. Мандариндин дагы кандай пайдалуу жактары бар? Төмөндөн биле аласыздар!

Мандарин – цитрус өсүмдүктөрүнө кирген жемиштердин бири. Бул өсүмдүктүн бийиктиги 4 метрге чейин жетет, ал эми гүлдөрү сүр түстүү, кабыгы сыяктуу, жалбыратары каттуу жана кычкыл дамдуу жемиши бар. Анын бир жемиши 9-10 бөлүктөн турат.

Негизинен мандарин адамдын дене табы көтөрүлгөндө жакшы жардам берет. Аны астма менен бронхит ооруларын эмөөдө колдонулат. Себеби, мандариндин курамында аминкычкылы бар. Ал астмага каршы турууга жана өпкөнү тазалоого жакшы жардам көрсөтөт. Ошон үчүн күндө эртең менен бир стакан мандарин ширесин ичип туруу керек. Каттуу жөтөл болгон кезде мандариндин кабыгын сууга кайнатып ичсе, ооруну жазат. Ашказан ооруганда да мандариндин өзүн же болбосо ширесин ичкен өтө пайдалуу.

Мандариндин кабыгы табитти ачыруучу, тамак-аш сиңирүүнү жакшыртуучу суюк дары катары жасоого пайдаланылат. Андай дарыны тамактанаардын алдында 15-20 мүнөт мурда кабылдоо кажет. Кыш мезгилинде организмди витамин менен камсыздоо үчүн мандаринди көп-көптөн жеп туруңыз. Суука карыш туруучу иммунитет витаминдери ушул мандаринден табылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!