Уксустун пайдалуу жактары

Уксустун пайдалуу жактары
22-Ноя. 2017, Шаршемби, 11:52

Уксустун курамында түрлү микробторду өлтүрүүчү биологиялык активдүү заттар көп. Ошондуктан анын пайдасын эртерээк билип турмуш-тиричиликте колдонгон жөн.

Тамак ооруганда
Тамактын ооруганынын кандайда бир белгилерин сезсеңиз, дароо ¼ чыны алма уксусун 1 чыны жылуу суу менен аралаштырып, тамагыңызды чайкаңыз. Бул ыкма тамак менен ооз көңдөйүндөгү бактерияларды өлтүрүп, оорунун алдын алат.

Зарнага каршы
бир аз суу менен аралаштырылган 1чай кашык алма уксусу зарнадан арылууга жардам берет. Бул – табигый антациддин өзү!

Мурун бүткөндө
Эгер сасык тумоонун алгачкы белгилери билинип, мурун бүтө баштаса, 1 чай кашык алма уксусу кошулган 1 стакан суу ичип алуунун пайдасы мол. Уксустун курамындагы А, В1, В2, В6, С витаминдери менен катар уксус, алма, сүт жана лимон кычкылдары бар. Бкл аталгандар мурундун бүтөлүшүн болтурбайт.

Какачтын пайда болуусуна каршы

Алма уксусу чачтын бекем болуусун артырып, ага көлөм берип, жалтыратат. Ошону менен катар баштагы какачты кетирет. Ал үчүн башты жууп бүткөндөн кийин ¼ чыны уксус менен ошол эле көлөмдөгу сууну аралаштырып, чачты чакоо керек.

Теринин кычышуусуна
Тери дуулдап, кычышкан кезде кебезге бир аз уксус куюп алып баскан оң. Уксустун бактерияга каршы күчү түрдүү тери ооруларын алдын алып, кычышууна басат.

Сөөлгө каршы
Күн сайын сөөлдү уксус менен сүртүп турса, ал жоголот. Башкысы, турактуу суртүп туруу кажет.

Буттун жагымсыз жытына каршы

Күндө кечкисин бутту алма уксусу кошулган жылуу сууга салып отурса, анда буттун тердеши басылып, жагымсыз жыт да жоголот. Ошондой эле, согончоктун жарылып, кургап кетүүсүн дагы жазат.

Ичтин көбүшү
Ал үчүн тамак ичердин алдында уксус кошулган 1 стакан суу ичүү керек. Ал тамак сиңирүүнү жакшыртып, ашказан, ичеги-карын жолдорун жумушун, зат алмашуу процесин иретейт.

Үйдөгү жагымсыз жыт үчүн
Суу менен уксусту аралаштырып, пульверизамор менен бөлмөлөргө чачып чыгыңыз. Үйдүн ичиндеги жагымсыз жыттан арылуу оңой болот.

Кирге каршы
уксустун жардамы менен ар түрдүү кир, тактарды жууп кетирүүгө пайдалуу. Ал үйүңүздөгү түрдүү химиялык тазарткычтан арзан экенин унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!