Жайында үйдү кантип салкын кармоо керек?

Жайында үйдү кантип салкын кармоо керек?
03-03-2017

Жай келгенден тартып үйдү сергитип таза аба киргизүү үчүн түрдүү жолдор ойго келе баштайт. Вентилятор, кондиционер менен бирге эле үйдү сергитип желдетип туруу керек.Үйдө жайга камылгалар башталат. Килемдер, паластарды сыртка чыгарып күбүп силкип, тазалоо иштери жүрө баштайт. Веранда жана терассаларга көчүп кире башташат. Анда эмесе жайкы ысыкка даярдык барбы? Жай айларын салкында өткөрүү үчүн жашоо шартыңызга бир аз өзгөрүү киргизүү кажет.

Жайдын ысык күндөрүндө терезеден соккон ысык аба үйдүн ичин ого бетер ысытып, вентилятор сыяктуу нерселер да жардам бербей калат. Кондиционердин жардамы менен салкындатуунун ордуна бир нече ыкманы колдонуу менен үйдүн ичин салкында кармоого болот.

Күн кирбеси үчүн терезелерди жаап коюу керек

Чоң терезелерден үйлөр өзгөчө кышкысын куткарса да, жай айларында күндүн нурларын киргизип үйдү үп кылып жиберет. Өзгөчө түшкү маалда бул терезелерди штора же болбосо парда менен жакшылап жаап коюу керек. Шыптан жерге чейин чубалган пардалар ысык абаны үйдүн ичине кирүүгө жол бербөөчү ыкма болуп саналат.

Плиталарды кечкисин иштетиңиз

Духовка, плитка, идиш жуугуч машина сыяктуу мештерди иштеткенде бөлмөлөр ысып чыгат. Керек болбогон учурларда бул мештерди кечки убактарда иштетиңиз. Күн баткандан тартып үйдө аба циркуляциясы жүрүп турушу үчүн баардык эшик, терезелерди ачып коюуңуз. Бул мештерди азыраак колдонуу менен ысык абаны кирүүсүн алдын аласыз.

Солгун желдетүү системаларга артыкчылык берилет

Жылуулук энергиясы керектөөнү азайтуу менен муздатууга жөндөмдүү нерселерди колдонууга артыкчылык берүү керек. Кышкысын жылытып гана койбостон жайкысын салкын болуусун камсыз кылуу максатында жаңы үйлөрдө атайын технология иштелип жатат. Муздак сууну насостук ыкма менен өткөрүү системасы аркылуу үйлөрдө салкын абаны камсыз кылат. Ошону менен бирге бул ыкма экологилык жактан таза болуп саналат. Бул архитектуралык ыкма үйлөрдү жылытууда жана муздатуу үчүн да колдонулат. Бул үчүн атайы адистерден кеңеш алуу керек.

Материалдар жана өңдөр аркылуу муздактыктын элесин берүү

Мрамор, гранит жана керамика сыяктуу плиталар үйдү салкын кармоого жардам берет. Бул материалдар оңой муздап салкын абаны камсыздайт. Мындан сырткары ачык өңдөгү бул плиталар декорацияда муздак, салкындыктын образын берет.

Терезелердин алдына көлөкө берүүчү өсүмдүктөрдү өстүрүңүз

Жер үйдө жашасаңыз терезелердин алдына чоң өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды өстүрүү аркылуу күндөн коргоно аласыз. Өсүмдүктөр күндөн коргоп гана койбостон, абаны да тазалайт.

Табигый жабууларды колдонуңуз

Бамбук же болбосо өрүлгөн өсүмдүктөрдөн жасалган табигый таза эшик жапкычтарды колдонсо болот. Алар менен үйдү салкын кармоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!