Кроссворд адам мээсин 10 жылга жашартат

Кроссворд адам мээсин 10 жылга жашартат
7-Дек. 2017, Бейшемби, 12:33

Кроссворддор менен бирге ар түрдүү баш катырган тапшырмаларды аткаруу карыялардын мээсин он жылга жашартат экен. Мындай жыйынтыкка Балтимордогу Джон Хопкинс университетинин окумуштуулары узак убакытка созулган изилдөөдөн кийин келип отурушат.

Жалпысынан окумуштуулар буга чейин деле мээ үчүн көнүгүүлөр улгайгандар үчун пайдалуу экендигин айтып келишкен. Бул жолу ал үчүн эң пайдалуу курал – кроссвордду табуу дешет алар.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө 2800 адамды катышкан. Алардын жашы орточо эсеп менен 74кө келген карыялар түздү. Катышуучулардын баардыгы төрт топко бөлүнгөн. Алгычкылары мээдеги маалыматты иштетүү ылдамдыгы менен алектенсе, экинчи топ- эске сактоо, үчүнчү топ – ойлонуу жөндөмүн жана төртүнчү топ эч нерсе кылбай жөн гана карап отурушкан. Төрт топ 60-70 сааттык 10 лекцияга катышышкан (5-6 жума аралыгында). Мындан кийин 10 жыл бою окумуштуулар катышуучулардын мээсин изилдөө менен иш алып келишкен. Жыйынтыгында мээ менен иштеген катышуучулардын 60 пайызы күнүмдүк тапшырмаларды аткарууда эч кандай кыйындык жаралбагынын айтышкан.

Окумуштуулар болсо адам мээсинин 10 жыл мурунку деңгээлдегидей сакталып калганына таң калышкан. Демек мээни иштеткен адам эрте алжыбайт дешет алар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!