Ширелер

Ширелер
8-Дек. 2017, Жума, 15:58

Жаңы сыгылган ширелер - биздин организмибиздеги клетка жана ткандар үчүн зарыл болгон жогорку сапаттагы органикалык эритмелер. Шире маанайды көтөрүп, тулку-бойду жеңил сезүүгө түрткү берет жана кубаттандырат. Жемиш, жашылча ширелери организмди зарыл болгон витамин жаиа минералдар менен камсыз кылат. Ал организмдин абалын нормалдаштырып жана оорулар менен күрөшүүгө жардам берет, тез өздөштүрүлөт. Жашылча - жемиштердин чийки ширесинде витаминдер жана энзимдер көп өлчөмдө болот, ал организмдеги шлактын жана уулуу заттардын сыртка чыгышына шарт түзөт.

Сабиз ширеси

Жашылча ширелеринин ичинен эң пайдалуусу жана ширелердин «падышасы» сабиз. Анда В тобундагы витаминдер, бета каротин, калий, кальций, кобальт жана башка минералдык заттар бар. Бул өзгөчө жаш балдар, иммунитети жана териси начар адамдар үчүн өтө пайдалуу. Бета-каротин көрүүнү жакшыртат. Ал жакшы өздөштүрүлүшү үчүн ширени ичкен соң артьнан сөзсүз майлуу тамак жеш керек. Бул үчүн өсүмдүк майы кошулган салат жесе эң сонун болот. Бирок да сабиз ширесин өтө көп ичүүгө болбойт. Бета-каротин организмде ашыкча болгондо боорго күч келип, теринин түсү саргыч тартып кетет. Күнүнө жарым литрден шире ичүу сунуш кылынат. Витамин профилактикасы үчүн жарым стакан шире жетиштүү. Ашказан жарасы күчөп кеткенде жана ич өткөктө муну ичүүгө болбойт. Ширени күн ваннасын алып жаткан учурда ичсе күнгө тезирээк күйөт.

Кызылча ширеси

Бул ширеде кант көп, С, Р, В1, В2, РР витаминдери бар. Тутумунда калий, темир, марганец туздары бар. Анын пайдалуу жагы кандын пайда болуусун стимулдаштырат. Стресс болгондо, күч келгенде, уйку качканда магнийдин көп болушу нерв системасынын ишмердүүлүгүн нормалдаштырат. Ал ичегинин да ишин жөнгө салгандыктан, ич катканда пайдалануу натыйжалуу келет. Кызылча ширеси канды минералдык жана табигый кант менен жабдып жана жаңыртып тургандыктан аз кандуулук оорусун дарылоодо кеңири колдонулат. Ал боорду, бөйрөк жана өттү тазалоочу эң сонун каражат. Аны кан басымды ылдыйлатуу үчүн жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын башка түрлөрүндө, айыздын (аялдарда) бузулушунда, климакс учурунда да кеңири пайдаланышат.

Кызылча ширесин жалаң өзүн ичкенде көңүл айнып, баш айланышы мүмкүн, ошондуктан аны сабиз ширеси менен теңме-тең кошуп ичүү керек.

Бейрөктүн, ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасында ичүү сунуш кылынбайт.

Ширени бир күндө бир ашык кашык ичип акырындык менен көнүү зарыл. Пайдаланаардын алдында аны кайнак суу же ит мурундун тундурмасы менен кошуп ичсе болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!