Муздаткычты кантип күтүү керек?

Муздаткычты кантип күтүү керек?
9-Дек. 2017, Ишемби, 15:24

Муздаткычты кээ бир учурларда пайдаланбай турганда эмне кылуу керек?

Ал учурда эшигиндеги тыгыз кармап турган резинканы, тоңдуруу бөлүгүн жакшылап жууп, кургатып сүртүңуз. Ичин бошотуңуз. Эгер муздаткыч салкын бөлмөдө турган болсо анын боёлбогон тетиктерин тагыраагы, эшик туткасын, болтторун майлап коюңуз. Ал эми аны иштетерден мурда бир-эки күн мурда эшигин ачып койсоңуз, жагымсыз жыт болсо тез кетет.

Муздаткычта жыгымсыз жыттын пайда болушуна эмне болушу мүмкүн?

Биринчиден, албетте бузулган тамактар. Жакшы көрүнгөнү менен, сактоо убактысы өткөн тамактардан абайлаш керек. Өзгөчө жумуртканын бузулганын билүү кыйын. Сырт көзгө жакшы көрүнгөнү менен, 10 даана жумуртканын арасынан кайсынысы таза, кыйсынысы бузулгандыгын аныктоо мүмкүн эмес.

Экинчиден, жыттын пайда болушуна бирден-бир себеп бул таштанды кутусу жана суюктук. Тагыраагы төгүлгөн маалда таза сүртүлбөгөн суюктук.

Үчүнчү себеп- муздаткычтын узак убакыт бою иштебей тура бериши. Муздаткычыңыздын көп убакыт кызмат кылуусун кааласаңыз ушул 3 учурду эске алыңыз. Ал төмөндө муздаткычты тазалоо жолдору тууралуу видеодон пайдалуу кенештерди ала аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!