Кожойкелерге кеңеш

Кожойкелерге кеңеш
6-Март 2017, Дүйшөмбү

Кожойкелерге ашканада керектүү болгон кеп-кеңештер менен бөлүшөбүз

1. Бир нерсени кууруп, бышырарда көмөчтанга куюлган май чачырабаш үчүн, майды куярдан мурун табакка бир аз туз сээп алыңыз.

2. Жумуртка кууруп жатсаңыз жана анын көөп турушун кааласаңыз 2 кашык муздак сууну бир стакан жумурткага кошуп аралаштырсаңыз болот.

3. Камырга картошка крахмалын кошуп жуурсаңыз таттуу токоч, булочка, пирогдоруңар көөп жана жумшак бойдон эртеси да тура берет.

4. Кызылча көп убакыт бышат- 3-3,5 саат. Адис ашпозчулар аны 30 мүнөт кайнатып алгандан кийин, суусун төгүп, муздак сууну агызып 15 мүнөттөй коюп (канчалык муздак болсо, ошончолук жакшы) коюшат. Температуранын алмашышы кызылчаны даяр болшуна шарт түзөт.

5. Камырга көптүргүчтөрдүн ордуна коняк кошсо камыр жыттуу болуп, токочтор даамдуу болот.

6. Жумуртканын агын аралаштырганда тез көөп чыгышы үчүн, аны муздатып жана лимон согун же лимон кислотасын кошсоңуз болот. Ал эми сарысы тескерисинче жылуулукту жана шекерди жактырат.

7. Этти кууруп же мешке кызарта бышырыш үчүн ага бал сүйкөп койсо жакшы.

8. Таттуу печенье жумшак болушу үчүн бышырардан мурун ага шекер себелеп койсо жакшы.

9. Жумуртка сууга бышып жатканда сынбашы үчүн аны бышырардан мурун муздак сууга жууш керек.

10. Сабизди сууга бышырганда даамдуу болушу үчүн аны 5-10 мүнөт бышырып. Жана башка жер жемиштер сыяктуу катуу отко коюп, аягында туздоо керек.

11. Күрүч чачырап бышуусу үчүн аны 30 мүнөт сууга чылап коюу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!