Колду туура жууганды билебизби?

 Колду туура жууганды билебизби?
20-Дек. 2017, Шаршемби, 16:11

Орегон университетинин микробиологу оору пайда кылган бактериялардын көпчүлүгүн алдын алуу үчүн колду кандай жууш керек экенин айтып берди. Окумуштуунун айтуусу боюнча, көпчүлүк адамдар алакандагы ооруу пайда кылуучу микробдорду туура тазалашпайт экен.

Териде көбөйгөн микро организмдер менен күрөшүүнүн негизги эки ыкмасы бар. Биринчиден, колду самындап, суу менен жуу аркылуу бактериялар санын азайтуу. Инфекциялык ич өтүүнүн алдын алуу үчүн аталган ыкма жетиштүү, экинчиден, бактерияларга каршы заттар кошулган каражаттардын (хлор, пероксид, триклозан) жардамы менен микробдордон арылуу түрү.

Бирок бактерияларга каршы заттар териде ар бир каражатка каршы туруучу ооруну туудурган бактериялардын пайда болусуна жол берет. Ошону менен катар алар адам ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Самын, тиш пастасы, дезодорантын курамында кездешүүчү триклозан жаныбарлар организминдеги гормондук тең салмактуулукту бузат экен.

Адистер колду таза суу менен дыкат жууп, 20-30 секунд өлчөмүндө, жакшылап жууга кеңеш беришет. Мындан кийин колду кагаз майлык менен кургатып, сүртүү кажет. Эгер самын менен суу болбосо, курамында 60 пайыз спирт кездешкен, зыянсыз каражат падаланган жөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!