Кийимге сагыз жабышып калса

Кийимге сагыз жабышып калса
21-Дек. 2017, Бейшемби, 15:29

Кийимге жармашып калган сагызды кантип тазалоо керек?

Жакшы көргөн кымбат кийимиңизге сагыз жармашып калды дейли. Кайгырбаңыз, ал жарактан чыккан жок. Сүйүктүү кийимиңизди мурдагы калыбына келтирип алуунун бир нече ыкмалары бар. Алар төмөнкүлөр:

Бензинди пайдалануу ыкмасы менен

1. Кийимиңиздин сагыз жармашып калган бөлүгүнө бензинден бир аз куюңуз. Ал сагызды жок кылып салат. Бирок кийимиңизди бузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, өтө кылдаттык менен бензинди аз-аздан куюп иштетүү зарыл.

2. Бензиндин жытын кетирүү үчүн кийимди жууп салыңыз.

Тоңдуруу ыкмасы менен

1. Кийимиңизди сагыз үстүнкү бетинде калгыдай кылып бүктөңүз.

2. Аны ошол бойдон полиэтилен баштыгына салыңыз. Сагыз баштыкка жармашып калбагыдай болсун.

3. Баштыктын оозун бууп, аны муздаткычтын тоңдургучуна бир нече саатка салып коёсуз.

4. Алып чыгып, кийимдеги сагызды бычак же кайчы менен кылдаттык менен кырасыз. Сагыздын эрип кетишине жол бербеңиз, ал канчалык муздак болсо, ошончолук жакшы тазаланат.

Үтүктөө ыкмасы менен

1. Кийимиңизди картон кагаздын үстүнө салыңыз. Сагыз картонго тийип тургудай болсун.

2. Үтүктү сайып, орточо температурага коюңуз.

3. Сагыз картондо калып калмайынча кийимди үтүктөй бериңиз.

Уксусту пайдалануу ыкмасы менен

1. Идишке уксусту куюп ысытыңыз.

2. Тиш жууган щётканы уксуска малып, аны менен сагызды сүртүңүз.

3. Сагыз толук кетмейинче аракетиңизди уланта бериңиз. Эгер уксус муздап калса, кайра ысытыңыз.

4. Жытын кетирүү үчүн кийимиңизди жууп салыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!