Аяздын адам организмине пайдасы менен зыяны

Аяздын адам организмине пайдасы менен зыяны
10-Янв. 2018, Шаршемби, 10:31

Адамдардын баары бирдей суукту жактыра беришпейт. Каттуу суук болгондо өтө маанилүү нерсе болбосо, үйдө тынч отурганды туура көрүшөт. Ал эми АКШнын илимий кызматкерлеринин оюу боюнча башкача: аяздын адам организмине зыяны менен бирге пайдасы да бар.

Биринчиден кыш мезгилинде кычыраган аязда сейилдөөгө болбойт, бирок суук аба ырайы кайтканда бир аз гана жөө басып келүүгө болот. Кантсе да кыш мезгили адамдын терисине жагымдуу таасир берет. Анткени кышында абадагы кычкылтек жайкы мезгилге караганда отуз пайызга көбүрөөк болот. Башынын шакыйы кармагандар жана жүрөк ооругандар үчүн да кыш мезгилинин берген пайдасы мол.

Эң башкысы кышында кийимиңиз тар болбош керек, тагыраагы, эркин кыймылдоого кыйынчылык туудурбоосу тийиш. Керек болсо бут кийимиңиз тар болсо, бутуңуздун үшүп калуусу мүмкүнчүлүгү жогору экенин эстен чыгарбаганыңыз абзел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!