Ашкана буюмдарын туура тазалоо ыкмалары

Ашкана буюмдарын туура тазалоо ыкмалары
20-Янв. 2018, Ишемби, 11:06

Ар бир эле үйдө ашканага тиешелүү буюмдар болот эмеспи. Аларга туура кам көрүү, өз убагында жууп-сүртүп, туура жана таза кармай билүү - өтө зарыл нерсе. Анткени, ошондо гана ал буюмдар көпкө бузулбай, өз ээсине узак жылдар бою кызмат кылып бере алышат.

Кичитолкундуу меш

Кичитолкундуу мештин ичи дайыма таза, булганбай турсун десеңиз, эринбестен ар бир колдонгондон кийин нымдуу, жумшак чүпүрөк менен сүртүп туруңуз. Ал эми тегерек столчосун самындуу, жылуу суу менен тазалаңыз.

Эгерде тамак даяр болгуча ичи булганып калса (мисалы, май чачыраса) жана дароо тазалоого убактыңыз жетишпей жатса, анда чыныга куюлган сууну ичине коюп коюңуз да, кичитолкундуу мешти өчүрбөңүз. Сиз бошогонго чейин суу ысыктан бууланып, натыйжада, ичиндеги кирлер эзилип жумшарат, тазалаганга оңой болуп калат.

Ичин жана эшигин кир жуучу порошок менен жуубаңыз. Эмалына доо кетет. Жакшысы, идиш жуучу каражат менен жууп, бүткөн соң сөзсүз түрдө таза суу менен сүртүп чыгыңыз. Акырында кургак чүпүрөк менен жакшылап кургатып, жагымсыз жыты чыгып кетсин үчүн бир канча убакытка эшигин ачып коюу зарыл.

1 литр суу менен 2 аш кашык соданын аралаштырмасы оңой менен кетпей жаткан кирлерди тез эле кетирип коңт.

Ичиндеги жагымсыз жытты кетирүү үчүн 1 стакан суу, 0,5 стакан лимон ширеси, 5 аш кашык сода керек болот. Булардын баарын аралаштырып, идишке куюп туруп ичине коюңуз да, 2-3 мүнөт ысытыңыз. Андан соң 3 саатка эшигин ачып койсоңуз жыт кетет.

Эч качан щётка менен жууганга болбойт!

Ичин тазалабай туруп иштете берсеңиз, чачыраган майлар бара-бара күңүрт түстөгү такка айланып, аларды кетирүү кийин өтө кыйын болуп калат.

Куру бойдон же тамак-аштардын калдыктарын тазалабай иштетип коюу эрте бузулууга алып келет.

Духовка

Эгерде ар бир колдонгон сайын ичи тазаланбаса, натыйжада, тамак-аштын калдыктары, майдын чачырандылары катып калган болсо, анда жууп-тазалоо бир аз кыйынга турат. Катыган кирлер оңой кетиш үчүн алгач чыныга куюлган сууну ичине коюп, жарым саат ысытып, андан соң сүртө бериңиз.

Ошондо да кетпей калган кирлерди нашатырь спирти же уксус менен сүртүп, бир канча саатка коң туруңуз да, анан тазалаңыз. Айнек эшигин да дал ушинтип тазалоо керек.

2-3 лимондун ширесин сыгып алган соң аны май катып чыкпай калган табаларына куюп, духовканын эшигин бекем жаап, 100 градуска чейин ысытуу кажет. Ушундай абалда 15 мүнөт тургандан кийин духовканы өчүрүп, бир аз муздашын күтөсүз. Кол күйгүзгүдөй болбой калары менен дароо сүртүп тазалап чыгасыз. Акырында таза суу менен сүртүү жана кургатуу керек.

Табалары металл болгондуктан, аларды өзүнчө металл жуучу порошок менен жуусаңыз да болот.

Табасына идиш жуучу каражат менен аралаштырылган сууну куюп, жарым саат ысытуу зарыл. Бул убакытта эшигин ачпаңыз. Жарым сааттан кийин өчүрүп туруп тазалай бериңиз.

Электр чайнеги

Чайнектин ичиндеги катып калган кеберлерин кетирүү үчүн:

- 1 литр сууга 1 чай кашык лимон кислотасын же 1 лимондун кабыгын салып кайнатып, бир түн коюп коюңуз да, эртеси жакшылап жууп саласыз;

- сууга сода кошуп (1 стакан сууга 4 чай кашык сода туура келет) бир канча мүнөт кайнаткан соң дароо жууйсуз;

- 1 литр сууга 3-5 аш кашык уксус аралаштырып, 1 сааттан кем эмес убакыт кайнатуу зарыл.

Кеберди жогорудагыдай кылып кайнаткандан кийин катуу щңтка менен жууса жакшы кетет.

Ал эми сыртын идиш жуучу каражат аралаштырылган сууга нымдалган чүпүрөк менен гана тазалаңыз. Алдындагы электрге туташуучу бөлүгүнө суу тийгизип алуудан абайлаңыз.

Ашкана комбайны

Бардык чечип алууга мүмкүн болгон бөлүктөрүн идиш жуучу каражат кошулган жылуу суу менен жууса болот.

Катуу щңтка менен жуубаңыз.

Бат-баттан жууп бүткөнгө (айрыкча бычагын жана дискин), сууга көп кармабаганга аракеттениңиз.

Жууп бүткөндөн кийин баарын ным чүпүрөк менен сүртүп, анан жакшылап кургаш үчүн аларды ачык жерге жайып коң туруңуз.

Шире сыккыч

Ширени сыгып бүтүп, өчүргөндөн кийин дароо эле жууп баштабаңыз. 10 мүнөт күтүңүз. Бул убакытта мотору эс алышы керек. Ошондо ал көпкө чейин бузулбай жакшы иштейт.

Муну бөлүктөргө чечип алып, идиш жуучу каражат менен жууйсуз.

Желимден жасалган бөлүктөрү шире сыгылып алынгандан кийин мөмө-жемиштердин түсүнө боңлуп калышы ыктымал. Андайда аларды алгач кадимки өсүмдүк майы менен сүртүп тазалап, андан соң гана аркасынан идиш жуучу каражат менен жууп коюңуз.

Металл торчосун жууш үчүн чүпүрөктү эмес, тиш жуучу щңтканы колдонсоңуз таза болот.

Эт майдалагыч

Колдонулган соң дароо эле ар бир бөлүгүн чечип, аларды 1 аш кашык туз кошулган 2 литр муздак сууга 10 мүнөт салып коюу кажет. Ошондо андагы жабышкан азыктын калдыктары эзилип чыгат.

Андан соң сода кошулган ысык сууга салып, кааласаңыз щңтка менен жууңуз.

Тегерек темириндеги тешиктерге тыгылып калгандарды тиш чукугуч же ширеңкенин талы менен тазалайсыз.

Баары бүткөн соң эң акырында 1 даана чийки картошканы өткөрүп жиберсеңиз, эт майдалагычты жууганга оңой болот.

Таза жуулган эт майдалагычты абдан кургагыча ачык абага коюп коюу керек.

Кургатуу үчүн плитага, ысык отко койбоо керек. Бычактары тез эле мокоп калат.

Кургагандан кийин дат басып калбаш үчүн өсүмдүк майы менен азыраак майлап койсоңуз ашыкча болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!