Шампунду туура тандаңыз!

Шампунду туура тандаңыз!
26-01-2017

Адистер чач жана тери ооруларынан сактануу үчүн колдонуп жаткан шампундардын жасалышы жана шарттары менен таанышуу керектигин белгилешет.

Жасалма шампундар чач терисинин грибок, чачтын түшүүсүнө жана түрдүү тери ооруларына алып келет.

Шампунь кандай болушу керек?

Базарда эмне экени белгисиз товарлар толуп турат, андагы каражаттардын курамын, тастыктоочу белгисин жана даяр болгон күнүн карап чыгып сатып алуу керек. Жакшы шампундун эң биринчи функциясы-чачтагы кир жана майды жууп кетирип гана койбостон, курамында айтылган тийиштүү эрежелерди да аткаруусу зарыл.

Түрдүү типтеги чачтарга

Эсибизге сактай кетүүчү нерсе, универсалдуу шампундардын жардам берүүсү өтө эле төмөн. Чачка ылайыктуусун, чачтын структурасына карап тандоо кажет. Анткени майлуу чачтарга арналган каражаттар нормалдуу жана кургактарга арналган шампундан курамы айырмаланып турат.

Эгерде чачтын түптөрү майлуу, ал эми учтары кургак болсо анда ал үчүн атайын шампундун курамында микрогубка жана микросфер барын тандооңуз кажет. Биринчиси майлуулуктан арылтса, экинчиси кургак учтарды азыктандырат.

Эгерде чач кургак болсо азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү курамында протеин, коллаген, майлар, витамин жана керектүү заттар бар каражатты колдонуу шарт. Күчтөндүрүүчү, баш терини жана чачты нымдоочу каражат тандоо керек.

Нормалдуу чачтар үчүн жумшак, кургатпоочу жана аз сандагы азыктандыруучу заттары бар каражат сунушталат. Бул шампунь баш теринин нымдуулугун кармап турат. Көпчүлүк учурда мындай каражаттардын курамында табигый компоненттер жана витаминдер болот.

Боёлгон чачка шампунду туура тандоо керек. Чачты какачтан арылтуучу шампундун курамында күчтүү тазалоочу кошулмалары болгондуктан жасалма түстөрдү жууп салат. Андыктан боёлгон чачтарга гана арналган шампунь колдонуңуз.

Курамы менен таанышуу кажет

Ар бир шампундун курамында сөзсүз түрдө жуучу каражат детергент болот. Атап айканда бул нерсе каражаттын сапатына жооп берет.

Баш териге жана чач үчүн жумшак жуучу каражаттар сунушталат, натрий лаурет сульфат, ТЕА луарент сульфат, ТЕА лаурил сульфат сыяктуулар. Бул нерселер чачка тийиштүү кам көрүп, кымбат каражаттардын курамында кездешет. Ал эми курамында аммоний лаурет сульфат жана аммоний лаурил сульфат жакшы жууп кетиргени менен чачты кургатып жиберет.

Шампунь жана кондиционерди кантип туура тандоо кажет?

Рекламаланып жаткан каражаттардын курамында айтылгандардын пайдалуулугу аз. Мисал келтирсек силикон баш териде пленка пайда кылып, ал керектүү витаминдердин сиңүүсүнө, кандын айланышына жана аба кирүүсүнө бөгөт коет. Чач мындай каражаттан кийин жыйынтыгында жансыз жатып калып, ал эми ар дайым колдонуу менен сынып, өңү бозомтук тартат.

Пайдалуу кошулмалар

Эгер чач жабыркаган болсо анда шумпундун курамындагы пайдалуу кошулмаларга көңүл буруңуз. Анда протеин, кератин, лецетин, В группасындагы витаминдер, Д- пантенол, түрдүү пайдалуу майлар жожоба, кастор, репей жана башкалар болуусу керек. Баардык бул курамдар чачтын жакшыруусун камсыздап, ичинен нымдап турат.

Кератин эң эле пайдалуу, анкени ал табигый кератинге жакын, ал чачтын түпкүрүнө чейин кирип, түзүлүшүнө керектүү материал болуп саналат.

Шампунь тууралуу мифтер

Сапаттуу шампунь жакшы көбүрөт деген мифтерге ишенбеңиз. Себеби көптөгөн дарылоочу шампундар курамындагы заттардан улам жакшы көбүрбөйт. Бирок мындан улам аларды сапатсыз дегенге да болбойт

Жакшы көбүргөнү анын курамындагы детергенттерге (жууп кетирүүсүнө) байланыштуу. Эл аралык стандарт боюнча 20% ашпоосу керек. Мисалга, кургак чачтарда аз, майлуу чачтарда көбүрөөк кездешет.

Курамында мөмө жемиш жыттары кошулган шампундар жөнөкөй гана ароматизаторлордон турат.

Кондиционер тандоо

Чачты жуучу каражаттардын экинчи этабы бул кондицонерди туура тандоо болуп саналат. Баардыгынан белгилүүсү чайкоочу-кондицонер (ополаскиватель), ар бир шампунь менен жуулган соң колдонулат.

Кондицонерди кантип туура тандоо керек?

Чайкоочу-кондиционер чач жасалгалоодо бир топ жеңилдетет. Ал чачты жумшартып, чачышуудан сактайт. Ошондой эле бул каражат чачтын электрлөөсүн болтурбайт.

Үч түрдүү кондиционердин бирөөсүн тандасаңыз болот: жеңилдетүүчү, калыбына келитирүүчү же болбосо дарылоочу.

Жеңилдетүүчү күн сайын профилактикалык максатта колдонулуп, чачты оордотпой, нымдуулукту кармайт.

Калыбына келтирүүчү жабыркаган чачтар үчүн маска катары колдонууга болот

Дарылоочу курамында көп сандаган азыктарга жана витаминдерге бай. Эрежеге ылайык аны жумасына бир нече жолу колдонулат.

Жуулбай турган кондицонер

Акыркы убактарда стилисттер жуулбоочу кондиционерлерди сунуштап келишет. Анкени ал көптөгөн функцияга ээ. Күндөн коргойт, боёлгон чачты көп убакытка сактайт, эң башкысы кургак чачты нымдоочу каражат болуп саналат.

Мындай кондиционерлердин курамы нымдуулукту сактоочу шампундукундай эле: пантенол, табигый экстракттар жана майлар бар. Бирок мындай каражат майлуу чачтарга сунушталбайт, себеби ал чачтын майлуулугун арттырып жиберет жана чачты оорлотот.

Эгерде чачыңыз табиятынан кургак болсо анда бул кондиционер сизге ылайык. Спрей түрүндө да кездешүүчү бул каражат жолдо алып журүүгө ылайыктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!