Көздүн чарчаганын басуу ыкмалары

Көздүн чарчаганын басуу ыкмалары
30-Янв. 2018, Шейшемби, 15:10

Көптөгөн кеңсе кызметкерлеринин ар дайым көзү чарчап, баш ооруга чалдыгышат. Мындай учурда эмне кылууга болот? Көздү дем алдыруу ыкмалыран сунуштайбыз.

Ар дайым көз дарыгерине текшерилип туруңуз

Күндө компьютер алдында жумуш иштесеңиз жыл сайын көз дарыгерине текшерилип туруңуз. Ушундайча көз ооруларын алдын алууга болот.

Алыс отуруңуз

Компьютер сизден кем дегенде 40 см алыстыкта болуусу тийиш. Эгер мындай алыстан окуу кыйын болсо ариптерди чоңойтуп алыңыз.

Тыным берип туруңуз

Ар дайым бир аз болсо да үзүлүш бериңиз. Экран алдындагы эки саат жумуштан кийин 15 мүнөт эс алдырып турган оң.

Девайс жарыгын азайтыңыз

Жарык көздү чарчатат. Эгер сиздин смартфонуңуздун жарыгы сиз отурган бөлмөдөн жарык болсо бул көзгө зыян. Ошондуктан бөлмө менен кеңседеги жарыкты азайтыңыз.

Көзгө көнүгүү жасаңыз

Көзгө арналган жеңил көнүүгүлөрдү үйрөнүп алып жана аларды ар жыйырма мүнөт сайын жасоого аракет кылыңыз.

Көздү ачып жабыңыз

Адатта көз бир мүнөттө 15 жолу ирмейт. Ал эми биз экранга карап отурганда бул үч эсе азаят. Ошондуктан арасында көздү ирмеп туруңуз.

Экранды тууралаңыз

Ариптерди чоңойтуп, экрандын түсүн туура тандап алыңыз. Мисалы, канык көк түс көз торчосуна катуу таасир берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!