Жумуртканы кантип тандоо керек?

Жумуртканы кантип тандоо керек?
1-Фев. 2018, Бейшемби, 18:43

Адатта жумуртка сатып алардан мурда алардын дүкөндүн текчесине качан коюлганын билбей убара тартабыз. Анын эскиргенин кантип билүүгө болот?

Ал үчүн жумуртканы айлантып кароонун кереги жок. Болгону андагы жазууну караңыз. Адатта анда эки жазуу болот. Биринчиси «С», экинчиси «Д». «Д» деген жазуу диеталык жумуртка. Жана булар жаңы жумурткалар. Көп болсо жети күндүк. Ал эми «С» дегени ашкана жумурткасы. Тактап айтканда, ашканада түрдүү тамактарды даярдоо үчүн колдонулган жумуртка. Булардын убактысы 20-25 күнгө чейин жетет. Ал эми үй жумурткаларынын таңгактоосуз сатышат.

Ошондой эле, жумуртканы сыртынан карап ажыратууга болот. Эгер ал жылтырап турса, анда анын узак убакыттан бери турганынан кабар берет. Ал эми күңүрт болсо жаңы жумыртка болуп саналат. Ошондой эле, эски жумурткаларда жыт чыгат. Эгер колго алганда ичи чайкалып жатса анын да көп турганын билдирет.

Үйдө жумуртканын учу бар жагын ылдый каратып муздаткычта сактаган оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!