Авокадону үй шартында өстүрүү

Авокадону үй шартында өстүрүү
13-Март 2017, Дүйшөмбү

Авокадо-тропикалык элдердин сүйүктүү жана ширелүү жемиштеринин бири. Авокадонун эң алгачкы түрлөрү Мексика жеринде пайда болгон. Азыркы убакта авокадо Түштүк Америкада, Мексикада жана Европанын түштүк жерлеринде өстүрүлөт.

Авокадонун кабыгы ачык жашылдан, кара жашылга чейин кездешет. Жемиштин ички эти майга окшош келип, даамы жаңгакка окшош болот. Ортосунда катуу күрөң түстөгү данеги бар.

Авокадонун курамында май 20-30 пайыз болот. Мындан сырткары минералдык заттар, микроэлементтерге жана В, Е витаминдерине бай. Анын курамында көмүртек жок жана эң калориялуу жемиш болуп эсептелет.

Авокадо инфарктты алдын алып, чарчаңкы абалда жардам берет жана теридеги бырыштарды жазат. Ошондой эле авакадо организмдеги токсиндер менен күрөшөт.

Авакадону үй шартында кантип өстүрсө болот?

Дүкөндөн авокадо сатып аласыз да аны тең ортодон кесип, данегин аласыз. Данекти тазалап жууп, бирок сырткы кабыгын абайлап жууш керек себеби кабыгы сыйрылып кетиши мүмкүн.

Данектин кайсы жери өйдөңкү жана кайсы жери ылдыйкы болоорун жакшылап байкап алуу керек. Себеби кээ бир данектер топтоголок формада болуп, көп билине бербейт.

3-4 тиш тазалоочу жыгачтарды аласыз да данеке сайып ылдыйкы жагын суунун ичине ал эми өйдө жагын суудан чыгарып коёсуз.

Данектин тең жарымы сууда жайгаштырылат. Келечектеги авокадону тынч, жарык жана күн тийген терезенин алдына коюп коюуга болот. Бул ыкма менен өстүрүү үчүн желим жана көрүнүп турган стакан колдонгон жакшы. Себеби, тамыр байлап келе жатканын байкап туруу үчүн. Суусун 4-5 күндө бир алмаштырып туруу кажет.

5-8 жумадан сон тамыр байлап калганын байкоого болот.

Авокадо күндү жакшы көргөндүктөн күн жакшы тийген жерге жайгаштыруу керек. Тамыры чыккандан кийин аны топурагы бар идишке гүл отургузгандай кылып, отургузуу керек. Биринчи түшүмүн 3-4 жылдан соң алууга мүмкүн.

Авокадонун узундугу 18 метрге чейин жетип, бат өскөн бак болуп саналат.

Дүйнөдө 400дөн ашык түрү кездешет.

Токсиндер

Анын жалбырагы жана данынын курамында фунгицид токсини «Персин» адамдарга жана жаныбарлар үчүн кооптуу зат кездешет. Бул токсин аллергия кылып, тамак сиңирүү системасына залакасын тийгизет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!