Кофе тууралуу кызыктуу маалымат

Кофе тууралуу кызыктуу маалымат
3-Фев. 2018, Ишемби, 10:33

Кофе – мунай заттан кийинки эле дүйнөдө эң көп өткөн товар. Дүйнөдө кофе ичүү маданияты кандай калыпташкан. Эспрессо, латте, капуччино... Бүгүн аталган кофе түрлөрүнүн айырмачылыгына өз-өзүнчө токтолмокчубуз.

Кофе – эң суроо-талапка ээ суусундуктардын бири. Кайталангыс жыты менен укмуштуудай даамынын өзүнө гана таандык сырлары менен эрежелери бар.

Кофени жалаң гана ысык абалда гана эмес, муздак боюнча да ичүүгө болот. Бирок, бул кофени муздатып ичүү эмес, ичине муз салып ичүү деп аталат. Мындай ыкманы колдонгондор ысык жана какыраган чөлдө өздөрүн жеңил сезишет. Эгер даамы тилиңизде көпкө чейин калгандай кофенин өзүнөн жакшы таасир алгыңыз келсе, аралаштырылган эмес, кайнатылган кофе ичүү керек. Себеби, кайнатылган кофенин курамында кофейиндин өлчөмү эки эсе көп болот.

“Орусча даярдалган кофе”– кофе даярдоо ыкмасынын белгилүү түрү. Бир кызыгы, бул кофени жасоо ыкмасы – Россиядан эмес, Германиядан башталган. “Орусча даярдалган кофенин” өзгөчөлүгү – курамында арактын кошулушунда.

АКШда эң көп кофени ичкен адамдар жашайт. Дал ушул Америкада кайталагыс даамы бар кофени өстүрүшөт. Бунун себеби- бул сорттогу кофе үрөнү Гавай вулкандарынын боюнда өстүрүлөт.

Эң кымбат жана оңой менен колго тийбеген кофе түрү – “Kopi Luwak” деп аталат. Ал – Суматра аралында өсөт. Кофе үрөндөрүн жыйнап алуу үчүн ал кофени жаныбарга жем катары берилет. Жаныбардын ашказанындагы ферметтер кофени кайнатып, иштетип чыгарат. Бул өсүмдүктөрдөн өндүрүлгөн кофенин килограммы – 1000 евро турат.

Кофе даярдоонун сан түрлүү ыкмалары бар. Эң пайдалуусу – Скандинавиялык ыкмасы болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү – кайнатылуусунда.

Жакшы кофе – аракка мас болгондорду тез соолуктурат. Бирок ичимдик менен бирге бул суусундукту ичпеңиз. Себеби, ичимдиктен кийинки мас абалды андан ары күчөтүп, зыян келтирүүсү ыктымал.

Адамдын кызыгуусун ойготкон түрдүү кызыктуу кофе даярдоо ыкмалары бар. Анын ичинде май, мурч менен сарымсак кошулган түрлөрүн да кездештирүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!