Билл Гейтс сүйүктүү сайттарын атады

Билл Гейтс сүйүктүү сайттарын атады
9-Фев. 2018, Жума, 11:28

Белгилүү миллиардер, филантроп, “Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс окууга арналган сүйүктүү сайттарын айтты.

Алардын арасында “Khan Academy”, “Code.org”, “The Teaching Company” жана “Big History Project” бар. “Khan Academy” сайты программалоого үйрөткөн кыска видеолорду табууга жардам берет. “The Teaching Company” сайтынан профессорлордун сабактарын табууга болот. “Big History Project” сайтында тарыхты изилдөөгө жардам берген материалдар бар.

«Азыркыдай өмүр сүрүүгө ыңгайлуу убакыт болгон эмес. бала кезимде мектеп программасынан тышкары билим алууга жетпей келдим. Колуман келгени дүйнө тууралуу энциклопедияны ачып окуу гана мүмкүн болду. Азыр интернетке кирсеңиз баарын табасыз. Арасында жакшы ресурстар бар»,-дейт миллиардер.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!