Пайдалуу кеңеш: дароо азыр пайдаланыңыз!

Пайдалуу кеңеш: дароо азыр пайдаланыңыз!
15-Фев. 2018, Бейшемби, 13:36

Пайдалуу кеңештерди ишке ашыра билүу да маанилүү. Бирок кээ бир кеңештер узак окууну талап кылат, ойдун чачырашына алып келет. Ал эми биз сизге кыска жана нуска кеңештерди сунуштайбыз.

Кыз менен таанышып, анын жашын билгиңиз келсе жашын сурабаңыз. Себеби бул кыз үчүн ыңгайсыз болушу мүмкүн. Ошондуктан анын гороскоп боюнча ким экенин сурап эсептеп чыгыңыз.

Эгер ысык чайды же болбосо кофени тез суутуп ичкиңиз келсе ичине 3-4 чай же чоң кашык салып коюңуз.

Сиз белесизби, спагеттини бир гана адам жетчүдөй кылып жасоо үчүн жөнөкөй пластикалык бөтөлкөнүн оозуна баткыдай кылып өлчөңүз, ошондо бир адамга жеткидей порция чыгат.

Эгер отто турган казандын түбү ысып кетсе ага тузду биринчи салса, тамак даяр болгон кезде асты жабышпайт.

Жолго чыгып жатсаңыз «эмне алыш керек эле?» деп суроо бербеңиз. «Мен эмнесиз жүрө албайм?» деген суроо менен даярданыңыз. Ошондо гана кыйынчылыктан кутуласыз.

Эгер топ менен сүрөткө түшкөн кезде бирөөлөр көздөрүн жумуп калбаш үчүн, биринчи баарынын көздөрүн жумдуруп, үчкө чейин санагандан кийин ачууларын айтыңыз. Жардам берет.

Эгер кызга кандай белек беришти билбей жатсаңыз, ага белек алып койгонуңузду айтып, анын эмне экенин кыздан сураңыз. Кыз өзүнө жаккан нерселерди айта баштайт. Ал эми бул сизге мүмкүндүк берет.

Сумкаңыздын ичинен жагымсыз жыт сиңип калбаш үчүн же жыт иңип калган болсо, 2-3 пакет чайды салып коюңуз.

Эгер эртең менен уйкудан ойгонуп, бирок кайра уктоого көңүлүңүз тартып турса, көзүңүздү болгон күчүңүз менен 20 секунддай жумуп кайра ачыңыз. Ошондо кайра жаткыңыз келбей калат. Текшерип көрүңүз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!