Ашканага керектүү кеңештер

Ашканага керектүү кеңештер
1-Март 2018, Бейшемби, 16:08

Эгер ийне, төйнөгүч салган идишке бир аз ун салсаңыз аларды дат баспайт. Дат баскан ийнени самынга салып койсоңуз даттан тазартат.

Лимон кабыгын таштабаңыз. Идиш жууганда сууга салсаңыз, өзгөчө, чыны идиштер жалтырап чыга келет.

Тактайдан, бычактан пияздын жытын кетирүү үчүн кургак туз менен сүртүңүз.

Сковородка, кострюльдагы балык жытын кетирүү үчүн отко ысытылган туз менен сүртүп, чайкап жибериңиз.

Казандын түбүндө күйгөн тамак-аш калдыгы калса, кырып убара болбой, түбүнө муздак суу куюп, туз салсаңыз, бир нече сааттан кийин оңой тазаланат.

Ашкана бөлмөсүндөгү жагымсыз жытты ысыган уксус жыты тез кетирет.

Сковородканы тазалоо үчүн бир аз ысытып, туз менен сүртүп, кагаз менен аарчып салыңыз.

Жыгачтан жасалган ашкана чөмүчү же депкир жашылча өңүнө боёлсо, 15 мүнөттөй хлорлуу сууда кайнатыңыз. Хлордун жытын кетирүү үчүн бир нече саат муздак сууга салып коюңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!