Казан, табактарды тазалоо үчүн

Казан, табактарды тазалоо үчүн
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:19

Үй жумуштарындагы жаш келиндердин ашканадагы кыйынчылыктарынын бири – казан менен табактарга сиңип калган май тактарды кетирүү болуп саналат. Мындай тактарды кантип кетирсе болот?

Адатта жаңы казан бат кирдеп, карарып, анда таптакыр кетпей калган майлуу тактар калып калат. Карарган тактарды кетирүүнүн бир нече ыкмасы бар.

Биринчи жана жөнөкөй жолу казан же табакты механикалык тазалоо аркылуу, тагыраак айтканда, кырып тазалап кетирүү. Ал үчүн атайы металл кыргычты колдонгон оң. Тапшырманы жеңилдетүү үчүн алдын ала казанды атайы идиш жуугуч суюктук менен жууп алыңыз. Анын артынан кыргыч менен казанды күч салып кырыңыз. Албетте бул жол кыйын. Көп убакытты жана күчтү алат.

Экинчи ыкма, жумушту болушунча жеңилдетүүгө арналган. Кийимдерди агартууга, ванна, унитаз, раковина жууга колдонулуучу агарткычтын жардамына таянууга болот. Эмалданган идишке 200 мл агарткычты сууга салып эритиңиз. Эритмени отко коюп, кайнатабыз. Кайнаган эритмеге тазалооңуз керек болгон табакты саласыз. Аны ошол бойдон бир саатка калтырыңыз. Казан тазаланат, ал эми калган тактарды щетканын жардамы менен кетире аласыз.

Үчүнчү ыкма бул атайы эритмеге салып казанды кайнатуу болуп саналат. Ал үчүн кичинекей самын кесегин майдалап туурап алып, жөнөкөй клейди (50 грамм) жана соданы (100 грамм) кошуңуз. Кошулман сууга кошуп, кайнатып, табакты эритмеде кайнатыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!