Ашыкча чыгымсыз бакчага арналган бир нече идея

Ашыкча чыгымсыз бакчага арналган бир нече идея
19-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:35

Кооз ачык түстөргө бай бакча жасагыңыз келет, бирок кымбат турган көчөттөгө көп акча жумшагыңыз келбейби? Уруктандан гүлдөрдү өстүрүңүз. Кичинекей баштыкчалардагы гүл уруктары арзан турат. Кичинекей дандан кооз гүлдүн өсүп чыкканын карап туруу кандай керемет нерсе!

Жаныңызга жакын гүлдөрдүн уруктарын тандап алыңыз да, кандай отургузуу керектиги менен жакшылап таанышып чыгыңыз. Аларды жылдын кайсы мезгилинде отургузуу керектигин. Алардын эмнени жакшы көрөрүн – күндүбү же көлөкө жердиби, алар көп жылдыкпы же бир жыл гана гүлдөйбү жана башка ушул сыяктуу нерселерди билип алсаңыз ашыкча болбос.

Өзүңүздү тажрыйбалуу багбанчы деп санабасаңыз, көп түйшүк талап кылбаган гүлдөрдөн баштаганыңыз оң:

Василёк

Космея

Настурция

Нигелла

Лаватера

Кызыл күрөң оюмо гүл

Консолида (Сокирки)

Аквилегия

Чоң Амми

Алиссум

Кызгадак

Күн карама

Скабиоза

Рудбекия

Урукту кантип топуракка отургузат?

Көптөгөн түшүктү талап кылбаган гүлдөрдү аларга арналган гүлзарларға отургузууга болот. Ал үчүн бир нече негизги эрежени сактаса болгону:

Топуракты даярдаңыз.

Бардык ото чөптөрдү жана таштарды терип, жерди жакшылап тээп, түптөп чыгыңыз. Топуракты азыктандырыңыз. Анын абасын чыгаруу үчүн үстүн бир аз баскылап койсоңуз да болот, кийин дагы бир жолу тырмап коюңуз.

Бир жерге бир нече гүлдүн түрүн отургузунуу кааласаңыз, чаташып калбайын десеңиз, топуракты кумдун жардамы менен араларын бөлүп алсаңыз болот.

Бир аз терең кылып топуракты казып алып гүлдү отургузуңуз. Гүлдөрдү кандай болсо ошондой эмес, түз сызык бой менен отургузган жакшыраак болот, ушундай жол менен аларды ото чөптөрдөн ажыратууга оңой болот.

Уруктарды жакшылап себиңиз. Аларды өтө жакын кылбай, өтө эле сейрек же алыс кылбай отургузуңуз. Ашыкча болгонун ар дайым алып таштаңыз.

Уруку топурак менен жапкандан кийин сугарыңыз.

Кеңеш:

Эң жакшысы медициналык кол кап менен жумуш жасоо.

Эгер сизде ит же мышык болсо, гүлзарды чакан курчоого алып коргоп коюңуз.

Уруктар чыкмайынча, аларды зымдуу тор менен куштардан коргой аласыз.

Көчөттү кандай өстүрсө болот?

Эгер тобокелге барбайын десеңиз, эң алды менен уруктарды чакан желим идиштерге отургузуп, терезе алдына коюп өстүрүп алсаңыз болот, мүмкүн болушунча салкын жерге коюңуз.

Топурак ар дайым нымдуу болушун көзөмөлдөңүз, өзгөчө өнгөнчө карап туруш керек.

Көчөттөр ойдогудай чоңоюп өскөндө бири-бирине өсүүдө тоскоолдук жаратпоосу үчүн аларды бөлөк-бөлөк отургузуу керек.

Күч жыйнаган көчөттөрдү ачык топуракка коркпой отургуза берсеңиз болот.

Өз колуңуз менен отургузган гүлдөн ага бетер кооз жана укмуш болуп көрүнөт!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!