Уйку жашоонун узактыгына таасир береби?

Уйку жашоонун узактыгына таасир береби?
20-Март 2018, Шейшемби, 15:24

Күнүнө жети сааттан кем уктаган адамдар кант диабети, артериалдуу гипертония, иммунитет алсыздыгы жана башка ооруларга чалдыгып калуусу толук мүмкүн. Бул тууралуу Сеченов атындагы МММУ уйку медицинасынын изилдөөчүсү Михаил Полуэктов айткан.

Эксперттин айтуусу боюнча, уйкунун жетишпестиги организм үчүн чоң маселени туудурат. Мындай адамдарда өлүм көрсөткүчү да жогору болоору анык. Өзгөчө күнүнө жети сааттан кем уктаган адамдар бул көйгөйгө дуушар болушат.

Азырынча адистер узак уйкунун адамга тийгизген зыяндуу жактары тууралуу ишенимдүү түрдө пикирлерин билдирише элек. Бирок эң пайдалуусу – күнүнө жетиден тогуз саатка чейин уктоо.

Буга чейин АКШ менен Австралия окумуштуулары эң аз уктаган Япония тургундары экенин (7 саат 16 мүнөт), ал эми узак уйкуга маани берген аргентиналыктар экенин (10 саат 17 мүнөт) аныкташкан эле. Россиялыктарда уйкунун орточо узактыгы 9 саатты түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!