Кофени кандай ичүү керек?

Кофени кандай ичүү керек?
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:10

Алгач кофе ден-соолукка зыян деп таанылган эле. Бирок изилдөө натыйжалары кофенин көптөгөн пайдалуу касиеттерин аныкташты. Өзгөчө культуристтер үчүн кофенин пайдасы өтө көп.

Жумуш иштөө жөндөмүн арттыргандан сырткары, кофе организмдеги термогендүү майларга таасири өзгөчө. Ошону менен бирге, кофеин кофедеги термогендүү заттардын таасирин артырат.


Эгер сиз болжол менен машыгууга чейин бир саат ичинде кофе ичсеңиз, кофеин таасири болушунча билине баштайт.


Кофе күч топтоого арналган машыгууга чейин ичсе өтө пайдалуу экени айтылат. Анткени, акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй ооруну баскан аспиринден көрө, кофенин таасири жакшыраак.


Сиздин билбешиңиз мүмкүн, бирок кофе сиздин ден соолугуңузга жана организмиңизге жардам берет.


Эгер күнүнө кофени үч иреттен ичип турсаңыз, сиз экинчи топтогу диабетти алдын аласыз, ошону менен катар, бөйрөккө таштын жыйналбоосун камсыз кылат.

Өлчөмү:

Күнүнө 1-2 чоң чыны менен кайнатылган кофе ичиңиз.
Алардын ар бири 100-200 мг кофеин (эритилген кофеде адатта 100 мг кофеин кем болот. Ал эми чоң чыны менен ичсеңиз, кофеиндин өлчөмү 500 мг жетиши мүмкүн).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!