Путиндин Дүйнөлүк чемпионаттагы фаворити ким?

Путиндин Дүйнөлүк чемпионаттагы фаворити ким?
13-Июнь 2018, Шаршемби, 15:05

Россиянын президенти Владимир Путин 14-июнда Россияда баштала турган ФИФА 2018 Дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жете турган талапкерлер Германия, Испания, Аргентина жана Бразилия экендигин айтты.

Кытайдын Циндао шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышаар алдында “China Media Group” компаниясынын башкы директорунун суроолоруна жооп берген.

“Аргентина жана Бразилия алдыңкы планда”

Кубокту кайсы мамлекет алат деген суроого Путин “Бул абдан оор суроо. Күчтүү командалар көп. Латын Америкадан Аргентина жана Бразилия бар. Мурдагы мелдештерде Германия да абдан сонун оюн көрсөтү. Испаниялыктар дагы. Олуттуу оюндар көп болот. Ичинен эң мыктылары жеңет”,-деп жооп берди.

“Россия улуттук командасы аягына чейин таймашат деп үмүттөнүп жатабыз”

Россия акыркы мезгилде жакшы жыйынтыктар ала албагандыгына капа болорун айткан Путин “Россиядагы бардык тараптар жана футбол сүйүүчүлөр командабыздын жаңыча, өзүнө тартып турган жана мыкты оюн көрсөөрүн күтүп жатат”,-деди.

“Дүйнөдөгү бардык тараптарга чыныгы оюн көрсөтүүнү каалайбыз”

Россиянын лидери мелдештин кожоюну катары башкы максаты Дүйнөлүк Чемпионатты мыкты өткөрүү, бардык тараптарга чыныгы оюн көрсөтүү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал мүмкүн болушунча оюндарга көп барарын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!