​ДЧ-2018: Чемпионатка 20дан ашык өлкө башчылары катышат

​ДЧ-2018: Чемпионатка 20дан ашык өлкө башчылары катышат
14-Июнь 2018, Бейшемби, 11:26

Бүгүн Орусияда бүйүрдү кызыткан футбол чемпионатты башталат. Чемпионатка дүйнөнүн 20дан ашык өлкө башчылары катышаарын РФнын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Песковчемпионаттын ачылышына Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Белоруссия президенти Александр Лукашенко,Раунда президенти Поль Кагаме, Боливия өлкө башчысы Эво Моралес, Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков, Абхазия лидери Рауль Хаджимба, Молдавия президенти –Игорь Додон, Панама өлкө башчысыХуан Карлос Варела, Тажикстан президентиЭмомали Рахмон, Өзбекстан президентиШавкат Мирзиеев, Ливан премьер-министри Саад Харирижана Армения премьер-министри Никол Пашинян катышаарын айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларындагы 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!