"КТРК Спорт" Дүйнөлүк чемпионаттын баардык оюндарын көрсөтөт

14-Июнь 2018, Бейшемби, 12:47

"КТРК Спорт" каналы Россияда өтө турган Дүйнөлүк футбол чемпиондугун 14-июндан 15-июлга чейинки бардык 64 беттешин тең көрсөтөт. Бул тууралуу Коомдук Биринчи каналдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коомдук телерадиоберүү коррпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алган.

""КТРК" жана "Маданият.Тарых.Тил" каналдары оюндун жүрүшүндөгү бардык 64 беттеш оюндардын түз алып көрсөтө баштайт",-деп айтылат маалыматта.

Беттештердин программасы менен www.ktrk.kg сайтынан тааныша аласыздар.

Алгачкы Лужниковдогу беттеш 25-июнда Кыргызстан убактысы менен саат 21:00 башталат.

Эске сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 14-июндан тартып 15-июлга чейин Россиянын 11 шаарында өтөт: Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Сочи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!