​ДЧ -2018: Чемпионатынын урунтуу учурлары

​ДЧ -2018: Чемпионатынын урунтуу учурлары
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:43

Бүгүн Орусияда бүйүрдү кызыткан 21-жолку дүйнө боюнча футбол чемпионаты ачылат. Чемпионаттын ачылышы Бишкек убактысы боюнча 20:30да Москванын ““Лужники” стадионда (Москва убактысы 17:30) башталат. Ал эми алгачкы беттешүү болсо жарым сааттан кийин үй ээси болгон Орусия жана Сауд Аравия командалары ортосунда болот.

Футбол чемпионаттынын ачылышына атактуу ырчы Робби Уильямс, опера ырчысы Аида Гарифуллина жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Роналдо катышат.

Мындан тышкары дүйнөнүн 20дан ашык өлкө башчылары келээрин РФнын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

ЧЕМПИОНАТ ОРУСИЯНЫН 11 ШААРЫНЫН 12 СТАДИОНУНДА ӨТКӨРҮЛӨТ

Алар Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

ЧЕМПИОНАТТЫН ДЫМАГЫ КҮЧТҮҮ АТААНДАШТАР

"А" тобунда: Орусия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай

"В" тобунда: Испания, Португалия, Иран, Марокко

"C" тобунда: Франция, Перу, Дания, Австралия

"D" тобунда: Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия

"F" тобунда: Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея

"G" тобунда: Англия, Бельгия, Тунис, Панама

"Е" тобунда: Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

"H" тобунда: Польша, Колумбия, Сенегал, Япония

ЧЕМПИОНАТТАГЫ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий плакатында СССРдин курама командасынын легендарлуу дарбазачысы Лев Яшиндин сүрөтүн чыгарышты. Лев Яшин – 4 жолку дүйнө чемпионатынын катышуучусу (1958, 1962, 1966 жана 1970), дүйнөлүк футбол тарыхындагы “Алтын топ” алган жападан жалгыз голгипер.

Чемпионаттын эң улгайган спортчусу-45 жаштагы Египет курама командасынын дарбазачысы Эссам аль-Хадари.

Быйылкы чемпионатка дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Италия кирбей калды. Мындан тышкары Греция, Ирландия, Гондурас, Нидерландия, Чехия жана Украина дагы кирген жок.

Турнирдин расмий талисманы катары "Забивака" аттуу карышкыр тандалган. Анын мааниси “Гол киргизүүчү”, аны тандоого 1 миллион киши сурамжылоого катышкан.

Турнирди өткөрүү үчүн $11 миллиард акча сарпталат.

Чемпионатка катышып жаткан 32 команданын 20сы өткөн 2014-жылдагы Бразилия футбол чемпионатына катышкан. Ал эми Панама жана Исландия тарыхта алгачкы ирет катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!