​ДЧ -2018: Орусия-Сауд Аравия беттешүүсүндө кимиси жеңет?

​ДЧ -2018: Орусия-Сауд Аравия беттешүүсүндө кимиси жеңет?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 14:49

Бүгүн Орусияда бүйүрдү кызыткан футбол чемпионаты ачылат. Чемпионаттын ачылышы Бишкек убактысы боюнча 20:30да Москванын “Лужники” стадионунда (Москва убактысы 17:30) башталат. Ал эми алгачкы беттешүү болсо жарым сааттан кийин үй ээси болгон Орусия жана Сауд Аравия командалары ортосунда болот.

Bwin букмердик компаниясы Орусиянын жеңүү мүмкүнчүлүгүн 1,35 коэффициент менен баалады. Бул демек, 70 пайыз Орусия жеңишке жетишээринен кабар берет.

Каршылышы Сауд Аравиянын шансы 9,0 (11%) коэффициент катарында белгиленди. Ал эми теңме-тең чыгаары 5,0 (19%) коэффициент менен көрсөтүлдү.

Сизче чемпионаттын алгачкы матчында жеңишке кимиси жетишет?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!