Миллиарддаган наркка ээ футболчулар мелдеште

Миллиарддаган наркка ээ футболчулар мелдеште
14-Июнь 2018, Бейшемби, 15:01

21-Дүйнөлүк чемпионатка саналуу гана убактар калды. Россия-Сауд Арабия оюндары менен старт ала турган мелдеште кубок үчүн 32 команда ат салышат.

Россияда жарышка түшө турган командалардын жалпы баасын эсепке алганда өтө чоң сумма келип чыкты. Анда эң кымбат командага Франция ээ болсо, эң арзан кадрлар Дүйнөлүк чемпионатка биринчи жолу катышып жаткан Панамага тиешелүү.

Футболдо ийгиликке жетүүнүн жолу сапаттуу оюнчуларга байланыштуу. Андан улам өз араларында жылдыздарды камтыган командалар ийгиликке оңой жетишет.

Трансфер мезгилинде кадрларын күчтөндүрүү үчүн миллиондогон евролорун аябаган клубдардын кадрларынын баасы жүз миллион еврого жетет.

Эл аралык Спорт иликтөө борбору (CIES) турнирде орун ала турган 32 команданын футболчуларынын болжолдуу бааларын эсептеди. Анда 32 команданын жалпы наркы 12,6 миллиард евро болду. Бул көрсөткүч дүйнөдөгү бир топ мамлекеттин жылдык бюджетине туура келет.

Дүйнөлүк Кубоктун эң баалуу кадрлары Францияда. 1998-Дүйнөлүк кубогу жана Евро 2000де жеңишке жеткен Франция Зинедин Зидан, Тьерри Анри сыяктуу жылдыздары футболду таштаганда кыйын мезгилди башынан өткөргөн. Акыркы жылдарда жаңы өзгөрүлөргө барган команда жаш жылдыздарга бай. 1 миллиард 410 миллион еврого бааланган Францияда Килиан Мбаппе, Поль Погба, Антуан Гризманн жана Усман Дембеле сыяктуу жаш жана жылдыз оюнчулар бар. Алардын ичинен Килиан Мбаппе команданын эң жашы. 187 миллион евро нарк коюлган Мбаппе өзү команданын 13 пайызынын наркына ээ.

Наркы боюнча тизмекте экинчи орунда Англиянын командасы турат. Футболдогу алгачкы жана жалгыз ийгиликке өз өлкөлөрүндө 1966-жылы өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта болгон. Жалпы 1 миллиард 386 миллион евро наркы болгон англиялыктар Гарри Кейн сыяктуу жаш жылдыздар бар. Реал Мадрид жана Барселона сыяктуу клубдарга таанымал жаш оюнчу Кейн 201 миллион наркы менен Англия командасындагы эң кымбат оюнчу. Ал бардык кадрлардын 15 пайыз наркына ээ.

Футбол тарыхындагы эң кымбат оюнчу Неймар бар Бразилия кадрлары наркы жагынан үчүнчү орунда турат. 5 ирет дүйнөлүк кубокту жеңип алган команда 6-ирет кубокту алуу үчүн адаттагыдай күчтүү даярдыкта Россияга келди.

Бразилиянын 23 оюнчусунун жалпы наркы 1 миллиард 269 миллион евро болуп эсептелди. Эң барктуусу Неймарга бычылган баа 196 миллион евро. Ал бутун оорутуп алгандан кийин баасы бираз төмөндөгөн. Неймар Бразилиянын жалпы наркынын 15 пайызына туура келет.

Тизмеде төртүнчү орунда Испания турат. Оюнчулары 2008-12-жылдар аралыгында Европа жана дүйнө футболуна өз аты таанымал өлкө болгон. Бирок ал топтон азыр аз эле оюнчу калган. Наркы 965 миллион евро болгон Испаниянын эң кымбат оюнчусу 101 миллион евро менен Саул Нигуез.

Испаниядан кийин араларында Мессиси бар Аргентина турат. Тангочуларга 925 миллион евро нарк бычылса, эң кымбат оюнчусу албетте Лионель Месси. Супер жылдызга коюлган баа 184 миллион евро жана команданын 20 пайыздык наркына ээ.

Дүйнөлүк Кубоктун эң кымбат оюнчусу 201 миллион евро менен англиялык Гарри Кейн болду. Андан кийин 196 миллион евро менен Неймар турат. Үчүнчү орунда 187 миллион евро нарк коюлган франциялык жылдыз Килиан Мбапп. Месси 184 миллион евро менен төртүнчү орунда. Ал эми Египеттин жылдызы Мухаммед Салах 171 миллион евролук нарк менен 5-орунда.

Дүйнөлүк Кубокко ат салыша турган командалардын болжолдуу баалары

Франция: 1 миллиард 410 миллион евро

Англия: 1 миллиард 386 миллион евро

Бразилия: 1 миллиард 269 миллион евро

Испания: 965 миллион

Аргентина: 925 миллион

Германия: 895 миллион евро

Белгия: 835 миллион евро

Португалия: 656 миллион евро

Уругвай: 529 миллион евро

Хорватия: 416 миллион евро

Дания: 342 миллион евро

Сенегал: 320 миллион евро

Сербия: 305 миллион евро

Польша: 293 миллион евро

Колумбия: 279 миллион евро

Швейцария: 246 миллион евро

Египет: 232 миллион евро

Нигерия: 192 миллион евро

Мексика: 153 миллион евро

Швеция: 152 миллион евро

Марокко: 138 миллион евро

Россия: 132 миллион евро

Түштүк Корея: 123 миллион евро

Исландия: 79 миллион евро

Япония: 61 миллион евро

Перу: 59 миллион евро

Австралия: 58 миллион евро

Тунис: 58 миллион евро

Коста Рика: 49 миллион евро

Иран: 40 миллион евро

Сауд Арабия: 21 миллион евро

Панама: 15 миллион евро

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!