Футбол майрамы башталууда

Футбол майрамы башталууда
14-Июнь 2018, Бейшемби, 17:18

ФИФА (FIFA) Дүйнөлүк кубогунда бүгүн Россия менен Сауд Аравия өлкөсүнүн беттешүүсү старт алмакчы. Россияда өтүлүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатка 32 мамлекет катышат. Муну менен катар оюн Россиянын 11 шаарында уланмакчы. Кубоктун эң абройлуулары (фавориттери) мурунку эле курамдар. Дүйнө кубогунун 21-чемпионун 15-июлда өтө турган мачта көрө алабыз. 32 команданын арасынан кубокту жеңүүчүлөрдөн бир гана Италия катышпайт.

Мына ошентип, Италия өлкөсү 58 -жыл болгондо дүйнө кубогунда орду жоктолуп олтурат. Бразилия өлкөсү кубокту 5 жолу багындырган, ал эми Германия өлкөсү 4 жолу багындырган. Аргентина менен Уругвай эки жолу. Франция, Англия жана Испания бир жолу бул кубанычка ээ болушкан. Тарыхта көптөн бери эңсеп, а бирок катыша албай жүргөн Исландия менен Панама мамлекеттеринин мүдөөлөрү Россияда орундалмакчы. 330 миң калкы бар Исландия мамлекетинин кичинелигине карабай, тарых барактарында биринчилерден болуп өз атын калтырууда. Албетте, алар акыркы жылдары футбол жаатында көптөгөн ийгиликтерге жараткан. Көп жылдык тыныгуудан кийин Перу өлкөсү да катышууда. Алар да Россияда алгачкы ирет өз кыялдарын орундатмакчы.

Бул кез ФИФА (FIFA) тартышуу учурларды жайлатып көрсөтүү үчүн, Дүйнө кубогунун алгачкы тарыхында биринчилерден болуп “ Жардамчы видео көзөмөл сотун” жайгаштырууда. Италия, Германия, Португалия дүйнө системасында, акыркылардан болуп 2017- Конфедерация кубогунда сыналган. Чемпионатта калыстар тобунун арасында Түркия мамлекетинин эң абройлуу Джюнейт Чакыр да чакыртылган. Чакыр мурда 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта, Украина-Полония ортоктоштук Европа 2012де жана Францияда өткөн Европа 2016да катышкан.


Дүйнө чемпионатынынталисманы интернет баракчасы менен добуш аркылуу чечилген. Талисманда “RUSSIYA 2018” жазуу менен катар, кийген кийими агыш, көгүш жана кызыл түстө болмокчу. Бул да болсо Россия өлкөсүнүн байрагын чагылдырмакчы.

Дүйнө Чемпионатынын акыркы 10 жыл ичиндеги футбол жылдыздары Месси жана Рональдо. Алардан сырткары Неймар, Мбаппе Килиан, Гарри Кэйн, Алли Деле, Де брёйне Кевин футбол кубогунун жылдыздары болуп саналат. Ал эми чемпионаттын абдан таң калтырган жылдызы болуп Египеттик Мухаммед Салах эсептелинет. Ошондой эле Мухаммед Салахтын оюн көрсөтүүсү, бүткүл көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!