​ДЧ - 2018: Салах чемпионаттан кетеби?

​ДЧ - 2018: Салах чемпионаттан кетеби?
21-Июнь 2018, Бейшемби, 12:35

Египет курама командасыныны лидери Мохамед Салах 25-июнда боло турган тайпалык айлампадагы Сауд Арабия менен болгон беттешүүгө чыкпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Египет басылмаларына таянып, орус ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, атактуу футболчунун Египет футбол федерациясы (EFA) менен болгон жаңжалы ырбап баратат.

Мурда Салах өзүнүн "твиттер" баракчасында командадагы абал жакшы экендигин билдирген. Бирок, Египет басылмалары Салах чемпионаттын аягына чейин катышпай калышы тууралуу айтышууда.

Себеби, Египет футбол федерациясы(EFA) чемпионатта даярдык жүрүп жаткан командага жүздөгөн шоу-бизнестин өкүлдөрүн жана бизнесмендерди чакырып алышкан. Атактуу футболчу алар алаксытып жана тоскоол болуп жаткандыгын айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!