КСДП партиясынын съезди башталды

КСДП партиясынын съезди башталды
31-Март 2018, Ишемби, 11:07

Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын съезди башталды. Ага 190 делегат чакырылган.

Курултайга экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Иса Өмүркулов, Эльвира Сурабалдиева, Азамат Арапбаев, Улан Примов, Чыныбай Турсунбеков, Аалы Карашев, Анвар Артыков, мэр Албек Ибраимов жана башка КСПД партиясынын делегаттарынын дээрлик баары келди.

Съезддин күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!