​Кыргызстан менен Түркия товар алмашууну жогорулатат

​Кыргызстан менен Түркия товар алмашууну жогорулатат
10-Апр. 2018, Шейшемби, 10:34

Анкарада 9-апрелде Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайип Эрдогандын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкө жетекчилеринин тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуулардын жүрүшүндө эки мамлекет ортосундагы товар алмашууну жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылышты.

Андан тышкары, президенттер Кыргызстанга инвестиция салуу, өнөр-жай жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө карата расмий маалыматтар боюнча Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы товар алмашуу дээрлик 400 млн АКШ долларын түзөт. Жакынкы күндөрү аны 1 млрд. долларга чейин жогорулатуу максаты турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!