​Кыргызстан-Түркия: соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жетет

​Кыргызстан-Түркия: соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жетет
10-Апр. 2018, Шейшемби, 11:04

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусунда бир катар келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтык тууралуу да сүйлөшүшкөн.

Төмөндөгүдөй келишимдерге кол коюлду:

- Инвестиция жаатындагы меморандум;

- Айыл чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- Дене тарбия, спорт жаатындагы макулдашуу;

- Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо макулдашуусу;

- Социалдык камсыздоо жаатындагы келишим;

- Маалымат жана басма сөз жаатындагы биргелешкен протокол.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!