​Депутат мандатынан ажырашы мүмкүн

​Депутат мандатынан ажырашы мүмкүн
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 11:54

Борбордук шайлоо комиссиясында депутат Дамирбек Асылбек уулунун мандатынан ажыратуу маселеси каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер келип түштү.

БШК депутатты мандатынан ажыратуу маселесин бүгүн түшкү саат экидеги отурумунда карайт. Дамирбек Асылбек уулунун ордуна “Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков депутат болуп келиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болуп чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!