Жолдошбаев: “Кыргыздын күчүгү да ыйлабаш керек”

Жолдошбаев: “Кыргыздын күчүгү да ыйлабаш керек”
18-Апр. 2018, Шаршемби, 08:54

17-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчету угулду. Талкуу учурунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Жалал-Абад шаарындагы жана Ош базарындагы өрт атайын жасалган иш экенин айтып чыкты.

“Кыргыз элине 1941-жылдагыдай эле тынчтык керек. Же болбосо ынтымак керек. Туруп алып эле бири-бирибизди сайгылап, түрткүлөп, болуп көрбөгөндөй советтер союзундагы айтылбай калган сөздөрдү айттык бул жерден. Эми мен айтат элем урматтуу мэр, ошол эле мезгилде өрт коопсуздугу системасы, экотехинспекция карап бул маселени чечишиңер керек. Себеби мен ошо жерге барып карасам биздин кыргыздын жарандары, кыз-келиндер, эркек аялдар ыйлап атат эми бала-бакыраны кантип багабыз деп. Силерге айтайын, кыргыздын бир дагы жараны ыйлабаш керек. Керек болсо кыргыздын күчүгү да ыйлабаш керек керек. ” -деди өз сөзүндө.

Маалымат катары айта кетсек, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Мекен” оппозициялык фракциялары өкмөттүн отчетун канааттандырган жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!