Мухамметкалый Абулгазиев премьер-министр болду

Мухамметкалый Абулгазиев премьер-министр болду
20-Апр. 2018, Жума, 17:48

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрликке талапкер Мухаммеnкалый Абулгазиев жана өкмөттүн курамын бекитүү маселесин карады.

Токтом долбоорун добушка коюу үчүн конституциялык мыйзамдар, сот укук маселер боюнча комитеттин төрагасы Керезбеков Канат окуп, аны жыйынга катышкан 115 депутат колдоп берди.

Жаңы шайланган премьер-министр депутаттарга ыраазычылыгын билдирип, сын-пикир айткандарын туура кабыл алаарын айтып өттү.

Ошондой эле ак кызмат кылууга даяр экенин билдирип, эл өкүлдөрү менен дайыма байланышта болуп, бирдиктүү иш алып бараарын билдирди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө чечими менен токтом долбору кабыл алынып, аны 105 депутат колдоп, төрт эл өкүлү каршы добуш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!