Депутат кызматка дайындалды

Депутат кызматка дайындалды
14-Июнь 2018, Бейшемби, 10:34

Миграция кызматына жаңы төрага дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, анын ордуна Болотбек Ибраимжанов дайындалды.

Эске салсак, Болотбек Ибраимжанов буга чейин Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты болгон, ал жакында эле мандатын тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!