Башкы прокуратура Конгантиевдин ишин иликтей баштады

Башкы прокуратура  Конгантиевдин ишин иликтей баштады
13-Июль 2018, Жума, 16:20

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков башкы прокуратурага Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекет башчы 12-июлда Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», — деп белгиледи президент.

Башкы прокуратура президенттин тапшырмасына ылайык, Конгантиевге карата козголгон иш кайра каралып жаткандыгын жана иликтөө бүткөндө укуктук баа бериле тургандыгы билдирди. Ага 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча иш козголгон.
Мамлекет башчы мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

2018-жылдын 13- июнь күнү жактоочу Икрамидин Айткулов мурунку ИИМ министри Конгантиевдин аракетинде “кылмыштын курамы болгон эмес” деген негизде УКМКга арыз жолдогон. Атайын кызмат Конгантиевдин 7-апрелдеги окуяларга тиешеси жок болгондугун билдирип, жактоочунун өтүнүчү канааттандырылгандыгы боюнча расмий маалымат тараткан.

Бирок саясатчы Азимбек Бекназаров Конгантиевдин иши сотко жетпей токтоп калганын кескин сынга алса, көп өтпөй экс-президент Роза Отунбаева да үн катты. Ал бул ишке сот укуктук баа берилиши керектигин билдирип чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!