Абылгазиев: “Грузиянын реформалоо тажрыйбасы кызыкчылык туудурат”

Абылгазиев: “Грузиянын реформалоо  тажрыйбасы кызыкчылык туудурат”
17-Июль 2018, Шейшемби, 09:38

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-июлда, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы өлкөдө экономиканын бир катар тармактарында, анын ичинде фискалдык органдардын ишмердигинде реформалар жүрүп жатканын айтып: «Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы актуалдуу», – деди Абылгазиев.

Грузиянын финансы министри Иване Мачавариани билдиргендей, салык демилгелери ишкерлер үчүн жеңилдиктерди белгилөөнү камтыйт.

«Ошол эле учурда салыктык коюмдардын төмөндөшүнө карабастан, салык жыйноолор жыл сайын өсүүдө. Жүргүзүлгөн реформалар аркылуу бажы органдарынын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукка жетишилди. Бул өлкөнүн транзиттик жагымдуулугун арттырып, бажылык түшүүлөрдүн көлөмүн өстүрүүнү шарттаган. Реформалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири – экспорттук жана импорттук операциялар үчүн документтердин санын экиге чейин кыскартуу, ошондой эле бажы постторунда паспорттук, бажылык, фитосанитардык, санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү бириктирүү болуп саналат. Мындан тышкары ишкерлерде жүктүн жайгашкан жерине карабастан, аралыктан декларациялоо мүмкүндүгү түзүлдү», – деп ырастады Грузиянын финансы министри Иване Мачавариани.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, кыргыз тарапка Грузиянын акыркы мезгилдерде жүзөгө ашырылган демократиялык жана экономикалык тажрыйбасы кызыкчылык туудурат.

«Өлкөдө салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүүдө милдеттүү түрдө чет элдик, анын ичинде Грузиянын тажрыйбасы эске алынат. Биз жакынкы убактарда ведомстволор аралык деталдуу консультацияларды өткөрүүнү макулдашканыбыз маанилүү», – деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ведомстволор аралык консультацияларды даярдоо жана уюштуруу маселелерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)